Жылдын кайсы мезгили болбосун жапжаңы жашылча-жемиштерди үзүп жегенге шарт түзгөн күнөсканалар Кыргызстанда да кеңири жайылууда. Эгерде бул тармакты өздөштүргөндөр арбып, күнөскананы иштетүү колго алынса, анда өлкөнүн бренди болмок дешет адистер. Ошол эле учурда анын кыйынчылыктары, тобокел кадамдары арбын экенин эскертишет. Дегеле бул тармак учурда кандай өнүгүп жатат, күнөскана иштеткендер эмнеге көңүл бурушу керектиги тууралуу “Жашыл чарба” агрохолдингинин жетекчиси Тилек Токтогазиев айтып берет.
Айтмакчы каарманыбыз күнөскана иштетүүнү колго алып, “Nomad Greenhouse” (көчмөн күнөскана) моделин ойлоп таап, заманбап технологиялар менен көчмөн салттарды айкалыштырган. Анда күнөскана боз үй формасында жасалып, жаңы инновациялар технологиялар колдонулат.
–Бүгүнкү күндө күнөсканалардын курулушу кандай нукта баратат?
–Азыркы убакта Кыргызстанда 100 гектардан ашык жер аянтында күнөскана бар. Анда бир жарым миңдей күнөсканачылар бар. Ар кайсы аймакта ар кандай, бирок күнөсканалар ээлеген аянты боюнча Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарында көп жайгашкан. Эң чоң күнөскананы гектарлап салгандар бар.
Кыргызстанда 2015–2016-жылдары күнөскана курууга кызыгуу күч болуп, өкмөт тарабынан дагы күнөскана куруу чакырыгы байма-бай айтылып, баш-оту менен кирип кеткендер көп болду. Алардын арасында үйлөрүн, бизнестерин сатып, күнөсканага 1 млн. доллардан ашык капитал салган кишилерди билем. Бирок ошол эле убакта күнөскана абдан оор бизнес. Көп кыйынчылыктары, тобокелчиликтери бар. Ошонун баарын эсепке алып иштетпесе, күйүп кетиши мүмкүн. Бул көрүнүш ар бир эле бизнесте бар деңизчи, ошентсе да күнөскана иштетүүдө “жети өлчөп бир кеспесе” кыйынчылыктарга сөзсүз түрдө кабылат. Азыр деле күнөскананы баштаары баштап алып, кыйналгандан улам кайра сатып жаткандарды да кезиктирүүгө болот.
Бирок күнөскана иштетүүнүн жолун жакшы таап, жакшы нукка салып койсо болот. Күнөскананы жылытуу чоң маселе болчу. Биз азыркы учурда кечинде кийиз менен жаап коюп жатабыз. Кийиз көмүргө кеткен каражатты эки эсе азайтат. Күнөскананын ичи жылуу болуп калгандан кийин өсүмдүктөрдүн оорулары да азайды. Бул учурда түшүмдүүлүк көбөйөт. Бул нерсени жасагандан кийин каржылык көрсөткүчтөр да таптакыр башкача болду. Экинчиден, бизде күнөскананы ар кандай тартипте салышат. Кээ бирлери эптеп эле салып коюшкан. Ал катуу шамалда же кар жааганда кулап түшөт. Же болбосо адаттан тышкары кымбат, чет өлкөлүк технологиялар менен салынган күнөсканалар кеминде он жылдан кийин өзүн-өзү актайт. Ошол үчүн бир ортозаар моделдерди ойлоп таап, орто деңгээлдеги күнөсканаларды салышыбыз керек деп ойлойм.
–Күнөскана курам деген киши биринчи кадамды эмнеден башташы керек? Бизде күнөскана куруу, аны иштетүү боюнча окутуулар болуп турабы?
–Эң биринчи сатуудан башташы керек деп айтар элем. Күнөскана жок болгон учурда деле ошол тармакка кирем дегендер биринчи башка күнөсканачыларды таап, алар менен сүйлөшүп, алардын кыйынчылыктарын көрүп, иши кылып ошол процесске аралашып, алардын өндүргөн продукциясын сатканга жардам берүү менен сатуу жагын мыкты өздөштүрүшүп алышы керек. Муну жолго коюп алгандан кийин көзү ачылат же таптакыр эле күнөскана кургусу келбей калат. Албетте болочоктогу күнөсканачы сөзсүз түрдө жакшылап окушу керек. Көп күнөсканачылар кетирген каталарды кайталабай, бул жакта көп нюанстар бар, аларды бир же эки саатта эмес, жумалап түшүндүрүү керек. Окугандан кийин жылдап тажрыйба алышы керек. Бирок эң негизги нерселер ошол күнөскананы салып жатканда эске алынышы керек. Эгерде күнөскананын маселен, бийиктиги, желдеткичи туура эмес болуп калса, ичиндеги ошол эле сугаруу системасы туура эмес коюлуп калса, ал жакка канча каражат салбасын, чыгашага кете берет. Ошол үчүн ар бир нюанстарды майда дебей эске алуу керек.
–Өткөн жылы көчмөн күнөскананын моделин ойлоп таптыңыз эле, анын кадимки күнөсканалардан өзгөчөлүгү эмнеде?
Ооба, биз өткөн жылы биринчи ирет көчмөн күнөскананы курдук. Мунун артыкчылыктары абдан көп. Күн баткан учурда атайын кийиз менен жабабыз. Күндүзү күндүн нуру керек болгондуктан ачык болушу керек. А кечиндеси жылдыздын жарыгы же айдын нуру менен фото синтез жүрбөйт. Орточо беш сотых күнөскананын жылуулук нормасын кармоо үчүн күнүнө 500 килодой көмүр кетчү. Кийиз менен жапкандан кийин ошол эле күнөсканага кетчү көмүр 200 килограммага чейин түштү. Эки жарым эсе үнөмдүү болду. Андан сырткары, биз ичиндеги жылытуу системасын да бир аз башкачараак кылганбыз. Мурунку күнөсканаларда аябай көп трубалар, радиаторлор коюлуп, көп акчаны талап кылчу. Көчмөн күнөсканада болсо эки четинен түтүн чыгара турган трубалар кетет. Ысык суу берилип, артынан жылуулукту айдап туруучу желдеткич коюлат. Андан сырткары жылуу пол да коюп жатабыз, кээ бир жерлерде жылуулук системаларын четке коюп коюшат. Өсүмдүк өсүп жаткан тарапта алардын тамырлары суук болуп калышы мүмкүн. Үйдө деле пол жакшы жылытылбаса, жылаңайлак басып жүрсө суук болот эмеспи. Аба жылуу болгону менен пол муздак болгон үчүн кишилер деле бат-бат ооруй беришет. Ошол үчүн топурак дагы жылуу болушу керек. Сугаруу системасы да башкача болуп тамчы трубка менен атайын кичине шланга менен ар бир өсүмдүктүн тамырына чейин сууну, болгондо да тамырынын ичине берилет. Бул деген үстүнөн тамчылабай, тамырына укол бергендей эле. Арзаныраак сугаруу системаларында майда кумдар болуп бүтөлүп калышы мүмкүн. Мында болсо труба кетет, дрипер деген сайылат, ошол дриперди ачып туруп тазалап, кайра жаап койсо суу эч токтоосуз ага берет. Ошентип көчмөн күнөсканага эң жакшы технологияларды киргизгенге аракет кылдык. Ошол эле убакта баасын орточо кылып, кээ бир чет өлкөлүк технологиялар менен салыштырганда үч эсе арзан. Бирок ичиндеги технологиялары алардын кээ бир жактарынан артыкча. Аларда жок технологияны биз колдонуп жатабыз.
Учурда биз програмисттерди топтоп көчмөн күнөскананын ичин автоматташтырууну жасаганы жатабыз. Абанын температурасы, нымдуулугу, топурактын температурасы компьютерге келип турат. Андан сырткары күндүн нурунун кубаттуулугун дагы компьютер көрсөтүп турат. Учурда мониторинг эле жүргүзүп жатабыз. Бирок ошол мониторинг болгону менен биз кайра эле автоматизацияга баарын даярдап берип жатабыз. Эгерде суу аз болуп, топурак кургак тартып баратса, насоско “сугар” деген сигнал келет. Ал өсүмдүктүн ар бир тамырына 200 грамм өлчөмүндөгү сууну берип коет да, өзү өчүп калат. Мында кишинин кереги жок болуп калат. Адамдык фактор көп каталарды кетирип алышат. Көмүрдү убагында жакпай уктап калышы мүмкүн. Сугарып жатканда 200 граммдын ордуна эки литр берип коюшу мүмкүн. Суу көбүнчө жердин түбүнө кетип калып, тамыры кургак болуп калышы ыктымал. Же тескерисинче болсо, суу сиңбей чирип башташы мүмкүн.
–Кийиз кыргыздын кадимки эле кийизиби?
–Салттуу кийизди колдонгондо көбө жеп кетиши мүмкүн. Баасы дагы кымбат болуп калат. Бишкектин жанында кийим тиккен цехтерден чыккан кездемелердин кыркындаларын, Кореядан келген атайын материал менен аралаштырганда бири-бирине жабышып, бекем кийиз болуп калат. Жылуулукту сактоо жагынан эң мыкты. Биз кийип жүргөн кийимдердин материалы менен салыштырсак, эки эсе арзан. Бир чарчы метри 70 сом болуп калат.
–Күнөскана жергиликтүү базарды толук камсыз кылып жатабы?
–Тилекке каршы, канча жылдан бери эле биздин күнөсканачыларыбыз араң эле 10 пайызга жакын ички базарды камсыз кылып келет. Жашылчалардын көбү Өзбекстан, Кытайдан келип жатат. Жалпы күнөсканачылардын укуктарын коргоп, “Жашыл чарба” агрохолдингинин ишин күчөтөлү деп жатабыз. Анткени азыркы убакта уруктарды, жер семирткичтерди же ар кандай дарыларды сатып алууда аткезчилик жол менен келгендери пайдаланылып калууда. Ошонун кесепети катары күнөсканачылар жакшы түшүм ала албай калууда. Жаман урук болуп калса, жакшы түшүм ала албайт. Ооруп калганда сапатсыз дарыны колдонсо, андан бетер оорушу ыктымал. Биринчи кезекте ушул маселелерди чечели деп жатабыз. Экинчи маселе — бул ар бир базарда жергиликтүү күнөсканалар үчүн атайын пункттарды ачып, өзүбүздүн жергиликтүү продукция деген бренд менен саталы деп жатабыз. Элибиз колдоп берсе, биз көбөйтүп алсак, толук камсыз кылып, кышында дагы арзан баада жашылча сатып алганга мүмкүнчүлүктөр пайда болмок.
Назгүл Бостонбаева