Дүйнөлүк банктын Doing Business рейтингинде Кыргызстан бизнес жүргүзүү боюнча соңку эки жыл аралыгында эки позицияга артка кетип 75-орундан 77-орунга түшүп калды. Эмне үчүн мындай артка чегинүү болду?
Бийлик башчыларынын Кыргызстанды бизнес үчүн “бейишке” айлантуу убадасы канчалык деңгээлде ишке ашты? Дегеле бүгүнкү күндө өлкөдөгү инвестициялык климат кандай? Жаш ишкерлер ассоциациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Темирбек Ажыгулов “Экономика” гезитинин суроолоруна жооп берди.
–Темирбек мырза, бүгүнкү күндө Кыргызстанда инвестициялык климатка кандай баа бересиз? Буга чейин бийлик башчылары “Кыргызстанды бизнес үчүн бейиш кылуу” дымагы канчалык реалдуу болду?
–Жалпысынан айтуу оор. Биринчиден, инвестиция тартууда биздин базарыбыз канчалык чоң же кичине экенин кароо керек. Биздин базарда 6 млн. калк бар. Ошого карабастан өзүбүзгө тарта турган жактарыбыз бар. Бирок инвестордун келиши бул башка суроо. Биринчиден, мамлекет тарабынан мыйзамдардын так, жөнөкөй жазылышы, экинчиден ал мыйзамдын иштөөсү. Инвестор тарабынан коюлган эң негизги талап – ушул. Үчүнчү, жеке менчикти сактоо, коргоо, төртүнчү, укук коргоо органдарынын, айрыкча соттордун акыйкаттуулугу. Ушул санап өткөн төрт-беш пункт ордунда болуп, эл үчүн иштесе, мыйзамдарыбыз так, түшүнүктүү болсо, акыйкаттуулук болсо ар кандай багыттарда инвесторлор келе берет. Бүгүнкү күндө төрт-беш багытыбыз кандай иштеп жатат, мамлекетибиз тарабынан “бейишке” айландыра алдыкпы? деген суроого мен төмөнкүчө жоп берер элем:
Өтө жакшы, алгылыктуу жумуш жасалган жок. Албетте, бир мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдү оңдогонго аракет кылабыз. Тилекке каршы, ал башка мыйзамга карама-каршы чыгып калат. Бир орган менен инвестор менен иштейбиз деп ачабыз, ал орган инвестор менен иштегенге аракет кылат, тартып келет, бирок башка орган ошол инвесторду кайра коркутуп-үркүтүп, кемсинтип, укугун тебелеп, экинчи келгис кылат. Мына ушундай ызы-чуудун кийин сотко кайрылып, соңунда соттордун иши адилеттүү деп айта албайбыз. Мына ушундай факторлордон улам Кыргызстанды инвестиция тартууга ыңгайлуу деп айтуу кыйын. Бул чындык.
Биз 90-жылдан бери өткөөл мезгилде жүрөбүз деп ойлогонбуз. Азыркы учур биз үчүн өткөөл мезгилдин жаңы доору болуп калды. Биз кайра өткөөл мезгилге өтүп алып, өзүбүзгө өзүбүз маселе жаратып алдык. Ошого карабастан өкмөт башчы, президентибиз тарабынан аракеттер бар. Алар бизнес үчүн Кыргызстанды бейиш кылабыз деп жатышат. Бирок ишкер катары көрүп жатабыз. Мамлекет башында турган кишилердин айткандары орто деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерге жетпей жатабы деген ой бар. Себеби, жогору жактан ишкерлерге жол ачып беребиз, инвестиция тартууга мыйзамдарды оңдоп беребиз дегени менен ортоңку деңгээлдеги түрдүү министрликтер, агенттиктер ар кимиси ар башка жумушту жасап, башка багытта иш алып барганы өкүндүрөт. Бүгүнкү күндө биз ушундай баш-аламанды көрүп жатабыз. Мунун чечүү жолдору боюнча биз мамлекет башчысы, же өкмөт башчысы болсун бир багытты белгилеп бергенден кийин калган министрлик, агенттик, укук коргоо органдары болсун – баары ошол багытта иштеши керек. Бул биздин үмүтүбүз болчу.
Биздин өлкөдөгү инвестициялык климат кандай деген суроого жакшы эмес де жооп айтар элем. Вертикалдуу бийлик жок болуп жатат. Бир эле мыйзам бир органда башкача, экинчи органда башкача иштейт.
–Инвестиция өңчөй Ош, Бишкек шаарлары жана Ысык-Көл облусуна көп тартылат экен. Эмне үчүн башка аймактарга жетпей жатат?
–Инвестиция дегенде бир нерсени туура түшүнүү керек. Инвестор жергиликтүү болобу, чет элдик болобу, биринчиден өзүнүн экономикалык кызыкчылыгын көздөйт. Экономиканын борбору Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарлар болуп жатса, инвестор келип завод-фабриканы Баткенге кура албайт. Биз эң биринчи шарт түзүп беришибиз керек. Мамлекет тарабынан “Нарындын чек арага жакын аймактарына экономикалык зоналарды түзүп берели. Эгерде ишкана ача турган болсоңор, белгилүү деңгээлде шарт түзүп берели же жеңилдиктерди берели деген демилге көтөрүлүп, ишке ашышы керек. Ошондо биз суроо-талап жарата алабыз. Бүгүнкү күндө талап жок. Бул чындык. Маселен, мен ишкер катары акчам бар болсо, жумушту эң биринчи Бишкектен баштайм. Себеби, бул калаада адам көп, сатып алуу мүмкүнчүлүгү жогору. Мен барып Токтогулга же башка аймакка курбайм. Муну туура түшүнүү керек. Экономиканын шарты, эрежеси ошол. Эгерде биз аймактарга шарт түзүп бере албасак, анда аймактарды кантип өнүктүрөбүз?
Белгилүү деңгээлде ар бир аймактын, маселен, ошол эле Ысык-Көлдүн, Баткендин өзүнө тартып турган жагы бар. Биз адегенде карап чыгышыбыз керек. Мисалы Баткенди Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын ортосундагы транзиттик зона кыла алабыз. Чек арадан кирип-чыккан товарга жеңилдик беришибиз керек. Бишкекте анте албайбыз, анткени чек арага жакын эмес. Нарында да ушундай транзиттик зона кылсак болот. Ысык-Көлдө туризм жагына жол ачса болот. Мисалы мен Ысык-Көлгө пансионат кура турган болсом, мамлекет суу, электр жарыгын тартууга жардам берип, өзүнө баш ийген мамлекеттик органдарды кол кабыш кылууга милдеттендириши керек. Тилекке каршы бизде андай эмес. Инвесторго жол ачып беребиз дейбиз дагы, инвестор келсе, пансионатын кура баштагандан тартып, 20 орган менен 20 күн, кээде 20 жыл кармашат. Инвестор келем дегенде биздин чачыбыз тике турат. Сүйлөшө турган бир дагы мамекеттик орган жок. Биз ар бир орган менен өзүнчө сүйлөшүп, чырдашып жүрөбүз.
–Жаз келери менен кен казуу иштери жанданат эмеспи. Кен казуу жаатында иштегени келген инвестор менен жергиликтүү калктын тил табыша албоосу эмнеден улам болууда?
–Бул дагы өзүнчө көйгөйлүү маселе болуп калды. Мисалы, мамлекеттик органдарды эле жамандап жатканыбыз менен жергиликтүү калк тарабынан дагы түшүнбөстүктөр аябай көп болуп жатат. Биз башында түшүнбөстүк дегенде маалыматтын аздыгы, жетишпестиги деп ойлочубуз. Мен көптөгөн тоо-кен компаниялары менен иштешип калдым. Алар жергиликтүү элге барып, колунан келген маалыматын беришет. Мынча техника менен ушул иштерди жасайбыз деп айтат. Албетте иш болгон жерде чаң болот, кыймыл-аракет, шум болот. Ошол эле учурда экинчи тараптын алып жаткан жагы бар. Жергиликтүү калк жумуш менен камсыз болот, анча-мынча товарын сатат, кызмат алат. Бирок кээде ошол элдин арасынан дагы бир-эки элди бузгандар чыгат. Муну иретке сала турган баягы эле мамлекеттик органдар. Укук коргоо органы болсун, айыл өкмөтү болсун, демек, жергиликтүү калк аларга ишенбейт. Ишенбеген үчүн бир мунасага келгиси келбейт.
–Биздин ишкерлер инвестиция тартып келүүдө аларга эмне жетпей жатат: билимби, акчабы же тажрыйбабы?
–Биз адегенде ишкерлерди чакан, орто жана ири деп бөлүп койсок болот. Ири ишканалар мейли жергиликтүү болсун, чет өлкөлүк болсун, булардын көп учурда билими, тажрыйбасы жетиштүү. Жок эле дегенде адистерди жумушка ала алышат. Ошондуктан алар инвестиция тарта турган болсо, же банктан кредит ала турган болсо жолу жеңилирээк. Бирок орто жана чакан ишкерлерибизде акча маселеси абдан эле орчундуу турат. Биз жыл сайын өткөрүп жаткан Бишкек инвестициялык форумда бир нерсени байкадык: ишкерлерибизге акчадан да мурда билим жетишпей жаткандай. Маселен, инвестиция тартып келүү үчүн бир инвесторго өзүбүздүн долбоорубузду бизнестин тили менен түшүндүрө билишибиз керек. Ишкерлерибизди окутуу үчүн Ош, Жалал-Абад шааларында атайын борбор ачтык. Аларга бизнес план жазуу, финансылык модел деп коет, эсеп-кысап чыгарганды үйрөтөлү деп жатабыз.
Биз көп учурда акча жок деп жүргөнүбүз менен маселе бир гана акчада эмес экен.
–Биз канткенде өз ишкерлерибизди колдоп, сырттан келе турган акчанын агымына көз карандысыз болобуз?
–Мен буга философиялык жооп берейин. Мен 20 жылдан бери эле ишкердик менен алекмин. Бизде коомдогу эң чоң көйгөй, өзгөчө жаштар ишкердүүлүк эмне экенин билишпейт. Мамлекет мага муну жасап бериши керек, жумуш менен камсыздап бериши керек деген күтүү түшүнүгү дагы деле актуалдуу. Мен көп жогорку окуу жайларына барып лекция окуйм. Байкаганым – 25 жылдан кийин дагы учурдагы 20 жаштагы балдарыбыз дагы түшүнүгү дагы ошондой экен. “Эптеп университетти бүтүп, дипломду алсам, мамлекет мага жумуш таап берет” деген түшүнүктө. Биз “антпегиле, балким университетке барбай эле койсоңор болот. Ишкердүүлүк менен алек бол” деп айтып жатабыз. Биз жаштарды ишкердүүлүк менен алек болуусуна үйрөтүшүбүз керек. Баары эле юрист, экономист болуп кетсе, андан Кыргызстан өнүкпөйт. Американын өнүгүү тарыхын карай турган болсок, Америка жеке сектордун негизинде өнүккөн. Идеялардын негизинде түптөлгөн. Биз мамлекетке үмүт артпашыбыз керек. Мамлекетин 5 млрд. доллар карыздан башка эч нерсеси жок.
–Соңунда айта турган ой-пикир, сунушуңуз?
–Мисалы, үй-бүлөдө атанын сөзү аткарбай коюуга мүмкүн болбогон таасирге ээ эмеспи. Туурабы? Атасы айткандан кийин, апасы, балдары ошол багытка ыктайт. Үй-бүлөнүн сырткы көрүнүшү атадан билинет. Биз дагы ушуну күткөнбүз. Президент, премьер-министрлерибиз ишкерлер үчүн Кыргызстанды бейиш кылып беребиз деп убада берген. Биз буга абдан ишенгенбиз. Ушул нерсе айтылгандан кийин Кыргызстан деген үй-бүлөнүн ичиндеги башка мүчөлөр да ушул сөздү аткарса дегим келет. Ар бир министрлик өзүнчө бөлүнүп, өзүнчө мамлекет болуп алган. Губернатор, аким, айыл өкмөттүн кабинетине барсаң, өзүнчө мамлекет. Бул жакшы нерсе эмес. Кыргызды бириктирип турган баалуулуктарга кайтышыбыз керек.
Назгүл Бостонбаева