ЭКОНОМИКА Кыргызстандагы бизнесмен, ишкерлердин, жумуш таппаган жаштардын кемчилиги жана пайдасы тууралуу маек курду.
- Сиз адамдардын ишмердүүлүгүн алдыга жылдыруу үчүн тренинг өткөргөнү жатасыз, анын максаты эмне?
- Биздин ишке байланыштуу көп адамдар менен жолугабыз. Бизге жолуккан адамдардын көпчүлүгү иш маселеси, коомдо өзүнүн ордун табуу жана кичинекей ишканасынын кирешесин таап, туура мыйзам чегинде алып кетүү маселесине келип такалганда маалымат ала албай кыйналганын айтышат. Чындыгында бул тууралуу коомдо маалымат деле жок.
Көпчүлүк жогорку окуу жайларында, университеттерде билим берүү жагынан иштешет, окушат, бирок окууну аяктагандан кийин кайда барып жакшы иштейт, ошол тажрыйба жагын да кантип колдонот, ушул тууралуу Кыргызстанда эч жерде айтылбаганын байкадык. Биз коомдук жана саясый иштерди эле сүйлөй бербей азыркы тренинг менен өзүнүн ордун таба албай жүргөн жарандарга, ишканасы бар же бизнесмендерге туура багыт берүү үчүн тренинг өткөрөбүз.
- Адамдар коомдо ордун табууда же жаңы жумушка кирерде эмнеден жаңылыштык кетиришет деп ойлойсуз? Жумуш берүүчүлөр жана иш издеп баргандар кандай ката кетиришет?
- Көпчүлүк иш издегендер кандай кадамга барыш керектигин, кандай мекемеге өзүн көрсөтүү эрежелерин билишпейт. Көпчүлүгүндө өзүнүн ичиндеги коркунучту жеңе алышпайт. Алган тажрыйбасын айтуудан да тартынышат. Кээде алар туура мекемеге барбай, башка эле бизнес структурасындагы өзүнүн кызыкчылыгы бар мекемеге барып, үмүтүн актай албай, депрессиялык психологиялык абалга түшүп кетишет. Ушундайлар көп.
Ийгиликке жеткен көп адамдар бар. Бизге келген адамдардын көпчүлүгү ийгилик эмне экенин түшүнүшпөйт экен. Ийгилик бул адамдын жоопкерчилиги.Өзүнө болгон талабы, жасаган иш аракети. Ушулардын баарын жаштарга да, улгайгандарга да практикалык түрдө жеңил тренингдин негизинде түшүндүргөнгө аракет кылабыз.
- Кыргызстандан чет өлкөгө кеткен мекендештерибиз көп. Мисалы, Орусияны эле алалы, ал жакка барган кыргыздандыктар эмнени туура эмес кылышат?
- Биринчиден алар юридикалык, экономикалык жактан маалыматы жок. Билим деңгээли өтө төмөн. Көпчүлүгү тааныш аркылуу эле барышат. Бирок өзүлөрү барган аймак тууралуу маалыматтары аз. Ал жакка баргандан кийин ошол мамлекеттин шарттарын юридикалык, экономикалык жагын жакшы билиши керек. Эгерде алардын шартын билбесе ошол жактан ордун таба алышпайт. Кемчилиги ушунда.
- Орусияда сизге жардам сурап кайрылгандар болду беле?
- Азыр биздин Орусияда сабак, тренинг берген уюмдарыбыз бар. Бирок биз ачык жарыялабаганыбыздын себеби, ансыз деле Кыргызстандан көпчүлүк чет жакка кетип атышат. Эл болсо мамлекеттин өнүгүшүнүн чоң булагы болот. Эгер эл кетип калса мамлекет алсырап калат. Бирок өзү ошондой жагдайга барган адамдарга чет өлкөдөн жардам беребиз. Бирок аларга алып жаткан тажрыйбаңарды Кыргызстанга барып салсаңар жакшы болот эле деп айтабыз. Себеби адамдык мүмкүнчүлүгүбүздү өз мамлекетибизге салсак болот эле деп. Бирок ушундай борборлор ачылды, кыргыздар чет жакка баргыла деп ачык жарыялап үгүттөбөйбүз.
- Кыргызстанда кайсыл кесипке талап көп деп ойлойсуз?
- Албетте, бүгүнкү күндө сапаттуу билим берүү тармагындагы адистерге талап көп. Теоритика жагын окуганы менен тажрыйба жагын аныктап берүүчү мугалимдер аз. Биздин экономиканын багыты бар. Экономиканын үч багытынын бири кен байлыктарды иштетүү, тейлөө, соода сатык тармагы.
Албетте, өндүрүш ишканалар аз. Ошондуктан андай кесиптер талап кылына элек. Эгерде биздин мамлекеттин чоң макроэкономикалык саясаттары улуттук экономикалык кызыкчылыкты коргоо стратегиялык багытында кетсе анда ошонун негизинде ишканаларды ачуу шарттары түптөлөт. Азыркы Жогорку окуу жайларында окуп жаткан жаштардын бүгүнкү билими бизге төп келет деп ойлойм. Азыр мамлекеттин оор абалынан келип чыгып жатат. Кичинекей ишканалар көбүнчө тейлөө ишканалары эле болуп калды.
- Кыргызстанда кайсыл бизнеси алып кетүү жеңилирээк деп ойлойсуз?
- Кандай гана бизнес болбосун, анын иштөө эрежесин, шарттарын жогорку деңгээлде билбесе ал оорчулукка алып келет. Негизи эле өтө жеңил бизнес же ишкана болбойт. Кеп бизнес кылуу же ишкана ачуу эмес, адам өзү таланттуу кесибин жакшы билсе ал сөзсүз ийгиликке жетишет.
Кыргызстанда деле ийгиликке жетишкен адамдар бар. Мисалы, Шоро ишканасын ачкан Табылды байкебиз. Назаралиевдин медициналык борбору. Кыял ишканасы. Бирок булар Кыргызстандын ичинде гана локалдуу болуп саналат. Албетте, Кыргызстан менен эле экономика чектелип калбайт. Адамдардын талабы кошуна мамлекеттерде да бар. Негизи чоң деңгээлдеги экономикалык талабы бар ишканаларды колдосок. Анткени адамдын талабы өсүп турат. Орустар колдонулбаган товарды чыгарба деп айтышат. Эгер колдонулбаган товарды чыгарсаң банкрот болуп каласың. Адам иш ачаарда андан түшө турган пайданы да аныктап билиш керек. Аны продукциясынын сапаты, наркы базар денгээлине туура келеби келбейби аны изилдеген тажрыйбалуу адам болушу керек.
- Таптакыр акчасы жок болуп туруп бизнес баштоого мүмкүнбү?
- Адамдын байлыгы жалаң эле акча каражаты эмес. Анын интеллектуалдык билими, тажрыйбасы болот. Эгер мен айткан маселени туура түшүнгөн интеллектуалдуу күчтүү адам идеясын проект катары жазып чыкса өзүнүн акча каражаты бар адамдар ага кызыгып, анын идеялык баалуулуктарын салым катары кошуп баштаса болот. Ушул сыяктуу мисалдар дүйнөдө көп. Жаштар, студенттер менен чогулганда дайыма айтам. Байлык деген эмне? Ийгилик деген эмне десем көпчүлүгү акча каражатына барып такалат. Мен аларга беш-алты жыл институтта окуган билимиңер байлык эмеспи, адамдын маданияты интеллеги байлык эмеспи десем ойлонуп калышат.
Дүйнөгө атагы чыккандар да сатып ала алышпайт. Ушуларды айткандан кийин адамдарда эргүү пайда болуп, иш баштоо демилгеси келет. Кыйынчылыкты эрки менен жеңет. Ушул маселе Кыргызстанда оор денгээлге такалган. Көпчүлүгүнүн маанайы түшүп кеткен. Көпчүлүгү терс маалыматка да түшүп кетишкен. Ушул сезимдерин ойготконго аракет кылам. Адамдын өзүнүн душманы өзүндө. Эгер ал өзүнүн тоскоолдуктарын жеңе албаса ийгиликке жетпейт. Ар бир адамдын мүмкүнчүлүгү бар.
- Адам ичиндеги тоскоолдуктарды кантип жеңсе болот, андан кантип өтө алат?
- Мындай көрүнүш жаштарда көп болот. Алар көп маалымат ала албагандан кийин терс жактарга бат көнүп кетишет. Аларга кеңешчилер жок, тажрыйбасы да жок. Ошондуктан атайын борборлорду ачып, турмуштагы туура чечим кабыл алууну көргөзүп беребиз. Ошондо гана жаштар мен адашып аткан турбаймбы деп өзүнө багыт ачышат. Ар бир адам эрктүү боло бербейт. Адамдын 90 %ы коомдук агымга баш ийип кетет. Бирок өзүнүн сөзүнө турууну көрсөтүү өзгөчөлүк болот. Андай адамдар аз. Мындай адамдар атайын адистерге кайрылса жакшы болот эле. Себеби, чет өлкөдө бул маселе жакшы коюлган.
- Мындай борборду Кыргызстанга да ачасыздарбы, кандай аталат?
- Билим берүү, иш маселесин чечүү, бизнес тажрыйбасын үйрөтүү борборун ачабыз. Азыр эксперимент кылып бул тренинги өткөрүп атабыз, атайын сайттар менен иштедик. Бул сайттагы маалыматты Кыргызстандан эле эмес дүйнө жүзүнөн көрүп Дубайдан, Америкадан дагы бизге чыгып атышат. Биздин максатыбыз Кыргызстандын байлыгы болгон эл кайра мамлекетибизден эле бакыт тапса дейбиз. Кыргызстанда ийгиликке жеткен көп адамдар бар экен. Эмнегедир эч кимиси тажрыйбасы менен бөлүшпөйт.
Бизге сырттан келип тренинг өткөндөр болуп атат, бирок ал эксперттер Кыргызстандын табигатын, өзгөчөлүгүн түшүнбөгөндөн кийин аны колдонуу оор. Тигини же муну кылыш керек дейт. Бирок кантип жасашты билишпейт. Биздин менталитет, өзүнчө мүнөз бар. Улуттук коомдун арасында таасир бере турган борбор ачып жатабыз. Мындай ачык тренингдерди областарда, аймактарда өткөрөбүз. Буга кызыккандар көп болуп жатат, кыргыз эли билимге умтулат, өскүсү келет. Бул маселе коомдун өсүшүнө чоң потенциал. Бул борборго мыкты эксперттер келишет. Ийгиликтүү адамдардын тажрыйбасын коомчулукка үйрөтөбүз.
Биздин максат Кыргызстандагы ийгиликтүү адамдар тажрыйбасын башкаларга да бөлүшсө дейбиз. Кыргызстандан эл канчалык сыртка кеткен сайын мамлекет ошончолук алсырап жатат.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА