Экинчи жыл катары менен Кыргызстандын аймагы менен өтүүчү темир жол куруу тууралуу сөздөр болууда. Кытайга бир нече жолу депутаттык комиссиялар жана делегациялар барганы менен азыркыга чейин курулуш иштери качан башталары жана каттам кандай болору тууралуу маалыматтар жок. Бул темир жолду куруу биздин өлкө үчүн экономикалык жактан кандай пайда алып келет?
Дүйнөлүк деңгээлде жана жаңы регионализм тармагында изилдөөлөрдү жүргүзүүчү эл аралык лабораториянын илимий кызматкери Темирлан Султанбеков өз пикирин билдирди.
Көз карандысыздык алгандан кийин Аскар Акаев “Жаңы жибек жолу” демилгесин бир нече жолу көтөргөн. Бирок Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин 2013-жылы Борбор Азиядагы өлкөлөргө жана Индонезияга иш сапары менен барып алгачкы жолу “Бир алкак – бир жол” демилгеси Кытайдын “Жибек жолунун экономикалык куру” жана “XXI кылымдын деңиз жибек жолу» долбоорлорун сунуштаган. Платформа Жибек жолу өткөн өлкөлөр менен Кытайдын экономикалык алакаларын күчөтүп, Чыгыштан Батышка карай тоскоолдуксуз карым-катнаш түзүү максатын көздөйт. Дал ушул Кыргыз Республикасында Кытай менен Европаны транспорттук жактан байланыштыруучу идеясы айтылган жок. Себеби буга чейин Улуу жибек жолунун бир багыты Кыргызстан аркылуу өтүп, соода-сатык, кол өнөрчүлүк, зергерчилик болуп көрбөгөндөй гүлдөп өскөн. Бирок андан бери көп убакыт өттү, Кытай күчтүү мамлекетке айланды, ал эми экономиканы алдыга сүрөгөн күч ишкерлер жана соодагерлер эмес, мамлекет болуп калды. Муну биринчи президент эске алган жок. Жаңы жибек жолунун баардык каттамдары расмий эмес, ал эми Кытайдын ММКлары болсо бул тууралуу маалыматты жарыялашпайт деле.
Долбоор акыркы убактарда эле жайыла баштаганы менен аны ишке ашыруу мурун эле башталган. Кыргызстан тууралуу айта турган болсок, Синьцзян-Уйгур округунан биздин чек арага чейин унаа жолдору курулуп, Борбор Азия өлкөлөрүндө кытай инвестицияларынын эсебинен унаа жолдорун жана темир жолдорду куруу тууралуу макулдашуулар түзүлгөн. Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийлиги менен 60 млрд доллардан ашуун каражатка келишим түзгөн, анын көбү жаратылыш ресурстарын казуу жана аларды ташууга багытталган. Азыркы этапта болсо Кытайга энергоресурстарды ташуу жана Кытайдан экспорт кылуу Америка Кошмо Штаттарынан көз каранды, ал болсо Тынч Океан аймагын көзөмөлдөйт, ошондуктан Кытайдын тышкы саясаттагы негизги багыты геостратегиялык курчоодон чыгуу. Ошондуктан жалгыз туура багыт – Борбор Азия, Иран жана Орусия тандалып алынган.
Бул долбоордун бири «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жол магистралы саналат. Анын максаты – Кытайдын темир жолдорун Кыргызстан жана Өзбекстан менен байланыштыруу, андан ары Афганистан, Иран жана Түркия аркылуу европалык темир жолдор менен байланыштыруу болуп саналат.
Кыргызстан мындай ири масштабдуу долбоорго катышып жаткандыктан анын канчалык деңгээлде пайдалуу экенин аныктап алуусу керек. ЕАЭБдин курамына кирген Кыргызстан Россия Федерациясы менен тыгыз байланышта. Бирок улуттук кызыкчылыкты коргоо жана аларды алдыга сүрөп чыгуудан көп нерсе көз каранды. Экс президент Алмазбек Атамбаев сүйлөгөн сөзүндө бир карыш жер дагы берилбей турганын билдирген болчу, эми азыркы президент Сооронбай Жээнбеков дагы дал ушул жол менен кетет деген ишеничтемин.
Учурда саясатчылар, бизнесмендер, коомчулук арасында интеграциялык мүнөздө болбогон экономикалык долбоорлор саясий маселе катары каралып келүүдө, демек бул жерде эки тараптын тең кызыкчылыгы эске алынуусу керек.
Долбоорду ишке ашыруу Кыргызстан менен Кытайдын элдеринин түз байланышын бекемдейт, бул абалдан керек болгон учурда Кытай колдонуп кетиши толук ыктымал. Кытайдан эксперттерди тартуу менен экономикалык өнөктөштүктү баштоо кыргыз коомчулугу тарабынан жакшы кабыл алынган жок. Ал эми өлкөнүн экс-президенти Алмазбек Атамбаев темир жол Кыргызстанга пайда алып келбей эле, башка өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн кызмат кылат деген пикирин дагы айткан болчу. Чындыгында эле долбоор ишке ашырылса биздин улуттук кызыкчылыктар эске алынбай, кытайдын гана пайдасына иштеп калуусу толук ыктымал, ошондуктан эксперттер жана аналитиктер бул маселени тыкыр кароосу керек.