Ал үчүн кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан гранттар жеңилдетилген насыялар бөлүнүүдө. Баардыгы ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн экспорттук потенциалын жогорулатуу үчүн болууда.
Кыргыз-казак чек арасындагы акыркы окуялар Бажы союзундагы айрым мыйзамдардагы кемчиликтерди көрсөттү, бирок кеп бул тууралуу эмес.
Сөз «Кыргыз Темир Жолу» тууралуу болмокчу. Башкача айтканда, киреше көп түшчү тармак тууралуу. Негизи жүктүн баары дал ушул темир жолдор аркылуу ташылат. Ал эми “темир жолчулар” дайыма инфраструктура жакшыртылып, модернизация болуп жатканын айтып келишет.
Германиянын тажрыйбасы
Өлкө бийлиги темир жол транспортун миллиарддаган карыздарынан кутултуп, аны өзүнчө уюмга берген. Бул жаңы корпорацияга эмгек шарттарын жакшыртууга жардам берип, кызматкерлерге маяна жакшы төлөп башташкан. Ошентип 1994-жылы эле ишкана үч министрлик менен макулдашпастан эле кызматкерлерге премия жана кошумча айлык бере башташкан.
Операторлордун эркиндиги
Реформанын жүрүшүндө бардык операторлор инфраструктураларга эркин мүмкүнчүлүк алышкан.
Бирок англиялыктардан айырмаланып Германия темир жолдордун баарын мамлекеттин менчигинде калтырышкан. Бир чети бул Альбиондогудай көйгөйлөрдөн оолак болууга жардам берген. Ал жакта инфраструктураны жеке адамдарга берүү авариялык жолдор менен өтүп, поезддердин эскиришине алып келген.
Немис бийлиги менчиктештирүү маселесин көтөрүп келгени менен чечкиндүү кадамдарга барыша элек. Бул түшүнүктүү: темир жол жакшы киреше булагы. Учурда Германиянын Финансы министрлиги Deutsche Bahn компаниясынын 500 млн евро дивдиендине ээ.
Бизде кандай?
Алгач 2017-жылдын башындагы маалыматтарды келтирели.
2016-жылдын 9 айында республикага жүктүн аз келүүсүнөн улам жүк айлануунун көлөмү 2015-жылга салыштырмалуу 18,6 % азайган.
“Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасынын негизги көрсөткүчтөрүнүн катарына компаниянын финансылык-экономикалык туруктуулугун киргизсек болот.
2016-жылдын 9 айында республикалык бюджетке 227,5 млн сом салык, социалдык фондго 198,6 млн сом төгүлгөн.
Жергиликтүү темир жолчулар объектилердин абалы жакшы экенин билдиришти. 2017-жылдын январына карата маалыматтар.
–2016-жылдын 9 айында 19416 даана жаңы шпал салынган.
–2016-жылдын 9 айында жүргүнчү ташуучу 9 вагон, (2015-жылы 14 вагон) жана 5 жүк ташуучу вагон (2015-жылы 9 вагон) толугу менен оңдолгон.
Жүргүнчү ташуучу 58 вагон (2015-жыл 49 вагон), 284 жүк ташуучу вагон (2015-жыл 236 вагон) оңдоп-түзөө иштеринен өткөн.
Буга чейин депутаттар тендерлерди өткөрүү тууралуу маселе көтөрүшкөн. Премьер-министр Сапар Исаковдун «Кыргыз Темир Жолу» тууралуу пикири негиздүү. Ал биринчи кезекте эл аралык аудит жүргүзүү керек экенин билдирген.
Депутат Зиядин Жамалдинов темир жол бул кирешелүү ишкана экенин айтып, эмнеге мындай көйгөйлөр болуп жатканына кызыкты.
Келерки макалаларда биз окурмандарды темир жолдогу аткезчилик менен тааныштырмакчыбыз.