–Соода өнөр-жай палатасына мүчө болуп кирүү талабы кандай?
Палатага мүчө болуп кире турган ар бир компания же жеке ишкер соода өнөр-жай палатасынын мүчөсүнө кирүүгө укугу бар. Мүчөлөрдүн ичинде 3 категорияга бөлүнөт: 1-жеке ишкерлер, 2- кичи жана орто ишканалар, 3-ири ишканалар. Мындан тышкары ассоциациялар, бирикмелер да мүчө болуп кирет. Палатага кирүү үчүн атайын палатанын анкетасын толтуруу керек. Анкетага кире турган компания жөнүндө баардык маалыматтар жазылат. Ошондой эле ишкананын каттоодон өткөн күбөлүгүнүн көчүрмөсү жана палатанын жетекчисине арыз жазышат. Ишкерлер толтуруп келген анкетаны соода өнөр-жай палатасынын президиумунда карап чыгабыз. Анткени ар бир эле кайрылган компанияны кабыл ала бербейбиз. Компания канча жылдан бери рынокто, анын каражатты канча жана аброю каралат. Себеби палата кирген мүчөлөрдүн жоопкерчилигин алып, алардын иштөөсүнө кепилдик берип, мындан аркы ишине колдоо көрсөтөт. Палатанын талабына жооп бербеген компаниялар мүчө болуп кабыл алынбайт же бир жылдан кийин кабыл алышыбыз мүмкүн. Жаңы компанияны кабыл албайбыз. Анткени ал компания мындан ары иштеп кетеби же жабылып калабы деген коркунучтар туулат. Ошондуктан рынокто бир жыл боло элек ишканалар соода өнөр-жай палатасына мүчө боло албайт.
–Соода өнөр-жай палатасына кирүү төлөмү канча?
Соода өнөр-жай палатасына мүчө болуп кирүү ыңгайлуу.
-
- Жеке ишкер: катталууга 5 миң сом жана бир жылда бир 5 миң сом төлөйт;
- Кичи жана орто ишканалар: катталууга 10 миң сом, бир жылда бир 10 миң сом төлөйт;
- Ири компаниялар: катталууга 30 миң сом, жылына 20 миң сом төлөшөт.
Негизинен мүчөлөрдүн 80–90% кичи жана орто ишканалар түзөт. Ал эми 7–8% ири компаниялар. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы активдүү иш алып барып жаткан 53 бизнес ассоциация соода өнөр-жай палатасында мүчө болуп катталуу. Ассоциациялардын палатага мүчө болуп киргенинин себеби, экономикалык тараптан абдан көп маалымат алышат. Бирок алардын мүчөлөрү палатанын мүчөсү болуп саналбайт. Алардын мүчөлөрү маалыматты бекер алышат. А өзүнчө кызмат көрсөтүүлөргө акы алынат.
–Мүчөлөргө негизинен кандай кызматтар көрсөтүлөт?
Соода өнөр-жай палатасынын алдыга койгон бирден бир максатты ишкерликти колдоо болуп саналат. Ишкерлердин өнүгүүсүнө көмөк көрсөттүү, маалымат менен камсыз кылуу. Кыргыз ишкерлерин бизнес тармагында окутуп, чет элдик ишкерлер менен мамиле куруусуна көпүрө түзүп берет. Мисалы, Кыргызстанга жылына 30 ашык чоң-чоң делегация келет. Алардын баардыгы палата аркылуу өтөт. Келе турган делегация кайсы өлкөдөн келет, алардын курамында кайсы тармактын өкүлдөрү жана компаниялары бар экени тууралуу соода өнөр-жай палатасынын кабары болот. Келе жаткан делегация дагы белгилүү бир тармактын өкүлдөрү менен жолугушууну талап кылат. Алардын талабына жараша Кыргызстандык 7–8 компанияны бизнес сүйлөшүүгө чакырабыз. Эки тарап сүйлөшүп макулдашса, анда өнөктөш катары иштерин кеңейтип алып кетишет. Жалаң эле чет мамлекеттик ишкерлерди тозо бербестен, кыргыз ишкерлерин дагы башка өлкөлөргө чыгарып, ишкерлерге жаңы өнөктөштөрдү таап, жаңы мүмкүнчүлтөрдү түзүп берген уюм соода өнөр-жай палатасы болуп саналат. Анткени палатанын 60дан ашык кызматташуу боюнча келишимдери бар. Ар бир өлкөнүн өзүнүн соода өнөр-жай палаталары болот. Ал палаталар менен алып барган жумуштардын 99% бирдей.
Ошондой эле соода өнөр-жай палатасынын арты менен ишкерлердин мамлекеттик деңгээлде чечилбей жаткан бир топ иштери чечилет. Анткени аталган палатанын кызматы ишкерлерге арналган жана үнү баардык мамлекеттик кызматтарына жетет.
–Жылына соода өнөр-жай палатасына канча мүчө кирет?
Акыркы үч жылдын ичинде палатанын мүчөлөрүнүн саны 5 эсе көбөйдү. Мурда 270 мүчө болсо, бүгүнкү күндө миң мүчө бар. Себеби, палата ишкерлерге жакшы колдоо көрсөтөөрүн, керектүү кызматтарды ала турганын, маселеси тез арада чечиле тургандыгын ишкерлер түшүнүп калды. Ал эми палата дагы ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү киргизүүдө. 2011-жылга чейин ишкерлер менен иш алып баруу өзүнчө бөлүм жок болчу. Ошол жылдын аягында мүчөлөр менен иштөө бөлүмү түзүлүп, биринчи жылы эле палатага 75 жаңы мүчө кабыл алдык. 2000–2010-жылга чейин анализ жүргүзгөндө бир жылда 30–35 мүчө гана кабыл алынчу экен.
2012-жылы 135 компания;
2013-жылы 157 компания;
2014-жылы 175 жаңы компания кабыл алынды.
Акыркы эки жылда экономикалык жагдайга байланыштуу мүчөлөрдүн саны бир аз азайып, 2016-жылы 130 жаңы мүчө кабыл алдык. 2017-жылы жаңы мүчөлөрдүн саны өсөт деген үмүттөбүз.
Наргиза Өмүрбек кызы