Өкмөт жергиликтүү ишкерлерге жардам берип жатабыз деген пикирлерин дайыма айтып келишет. Бирок иш жүзүндө жасалбай жатканы өкүндүрөт. Бул тууралуу ишкер Уран Ниязалиев билдирди.
Биз бүгүнкү күнгө чейин түзүлүп жаткан шарттардан пайдалана алган жокпуз. Өз алдынча эле иш жүргүзүп келе жатабыз. Түзүлгөн шарттар ылайык келбей жатабы, же биз күткөн нерселер болбой жатабы, айтор жеңилдик катары түзүлгөн шарттарды сезе элекпиз. Негизи насыялар буга чейин өндүрүшкө берилип келди, бирок өзгөчө экспортко жардам катары экономикалык инструмент чыга элек.
Мындан тышкары жеңилдетилген пайыз менен ишкерлерге каражат берилет. Эгер берилип калса баардык ишкерлердин маселесин чечпесе дагы, кээ бир ишкерлердин маселесин чечет деген пикирин ишкерлер тобу ырастады.
Жеңилдетилген насыянын басымдуу бөлүгү текстиль жана айыл чарба тармагына берилүүсү керек. Себеби, аталган тармактарда бир топ кыйынчылыктар болуп жатат.
ЕАЭБге киргенден баштап айыл чарба өндүрүшү менен текстиль тармагына тиешелүү сертификация, стандартизация маселелери ортого чыгып жатат. Насыя берилсе ушундай маселелер бираз азаят.
Бериле турган насыянын пайызы нөл болбосо да 4–5 же 6 пайыз менен берилсе, ишкерлер алып пайдаланмак.