• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Техрегламент блокада куралы

kgz-9085

👁 1,267

Кыргыз-казак чек арасындагы абалды эксперттер экономикалык блокада катары сыпаттай башташты. Конфликт локалдуу болуп кетти.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен Кыргызстан менен Казакстан ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен чектеш болбогондуктан “чоң оюнчулар” үчүн стратегиялык коркунуч туудурбайт.

10-ноябрда чек арадагы абал боюнча кайрылууну Женевдагы Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун жыйынында карашты.

Эске сала кетсек, Казакстан Кыргызстандын бир нече компаниясынын азык-түлүгүн ташууга тыюу салды. Буга техникалык регламенттеги талаптарды бузуу себеп болгонун 10-ноябрда брифинг учурунда башкы санитардык дарыгер Жандарбек Бекшин билдирди.

“Талаптардын системалык түрдө бузулушу “Ак-Сүт” сыяктуу ишканаларда болууда. Учурда бул компаниянын өнүмдөрүн Казакстанга алып келүүсүнө тыюу салынды. Ошондой эле «Куликовский» конидтердик үйүнүн өнүмүн ташууга дагы тыюу салынды. Голланд сырын ташыган ишкерге дагы тыюу салынды. Учурда көпчүлүк көрсөткүч боюнча сырлар техрегламент талаптарына жооп бербейт”,-деди Бекшин.

Жергиликтүү агенттиктер Жандарбек Бекшин Кыргызстандын өнүмүнүн сапаты начарлап кеткенин билдиргенин жазып чыгышты. Бекшиндин айтымында, былтыр Кыргызстандан ташылган өнүмдүн 4 пайызы талаптарга жооп берчү эмес, ал эми быйыл болсо 10 пайызга жогорулады.

Казакстандын айыл-чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 21–28-октябрь күндөрү Казакстан Кыргызстандын 100 тонна өнүмүн өткөрбөй койгон. 10-октябрдан тарта Казакстан Кыргызстан менен болгон чек арадагы өткөрмө пункттардагы текшерүүлөрдү күчөткөн. Бул абалды Астана аткезчилик менен күрөшүп жатабыз деп түшүндүрүп келет. Бишкек болсо казак тарап атайын тоскоолдук жаратып жатканын кабарлоодо.

Коңшулардын кабыл алган чараларына жооп катары Кыргызстан 300 миң тоок жумурткасын өткөрбөй койду. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов билдирди.

Айтымында, «Ак-Тилек» өткөрүү пунктунан 11-ноябрда жумуртка ташып бара жаткан фура токтотулган. Ал Казакстандан Кыргызстанга тиешелүү ветеринардык документтери жок жумурткаларды ташып келе жаткан.

Инспекциянын жетекчиси белгилегендей, жүк ташуучу унаада жалпы 300 миң жумуртка бар болчу. Тиешелүү документтеринин жоктугунан улам товар Казакстанга кайтарылган.

“Бул биринчи эле жолу болуп жаткан жок. Мындай учурлар көп эле болот. Жада калса күн сайын ушундай фактылар болуп турат деп айтсак болот. Чек арадан тооктор, азык-түлүк, мал, эт өткөрүлбөй калган учурлар бар. Товарларды үчүнчү өлкөдөн дагы алып келишет”,-деди Жумаканов.

Техрегламенттерди сапат стандарты катары эмес курал катары колдонуу качанкыга чейин созулары азырынча белгисиз.

Орусиянын позициясы бул абалда түшүнүктүү: кыргыз-кытай чек арасы жана биздин өлкө аркылуу контрафакт ташуу коркунучу.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости