• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Технопарк өнүксө, Кыргызстанга миллиарддаган инвестиция келет

img_2548

👁 2,055

Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн мисалында технопарктарды өнүктүрүүнүн тажрыйбасын алууга даяр.

Кыргызстандын ийгиликтүү экономикалык өнүгүүсү жана анын регионалдык жана дүйнөлүк аренадагы орду экономикалык өсүүнүн жаӊы ыкмаларын колдонуудан, өзгөчө интеллектуалдык потенциалга негизделген тармактарды өнүктүрүүдөн көз каранды. Мындан улам, бүгүнкү күндө мамлекеттин өнүгүүсү жалаӊ гана энергетика жана тоо-кен тармактары менен чектелбеши керек. Бул маселеде жаӊы технологияларга негизделген экономиканын инновациялык түрлөрүн өнүктүрүү, мындай технологияларды алып келген жана өздөштүргөн жаӊы экономикалык тармактарга өзгөчө көӊүл буруу керек.

Технологиялык парктар кеӊири жана натыйжалуу өнүккөн Түштүк Корея, Япония, Малайзия, Түркия сыяктуу мамлекеттердин тажрыйбасы айгинелегендей, технопарктар жөнүндө атайын, адистештирилген мыйзам кабыл алынмайынча технопарктардын ийгиликтүү өнүгүп кетүүсү, илимий-колдонмо тармак менен инновациялык бизнестин шайкеш иштеши күмөн бойдон кала берет.

Өкмөткө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматы (Кыргызпатент) тарабынан уюштурулган иш-чарада Кыргызстанда технопарктарды түзүү жана өнүктүрүү үчүн каражат тартуу жолдору талкууга алынып, аны ишке ашыруу үчүн каражатты кантип тартуу керектиги, төгөрөгү төп келген технопарк кандай болушу керектиги, аны түзүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги тууралуу маселелер көтөрүлдү.

Улуттук илимдер академиясынын академиги Аскар Кутановдун белгилешинче, өлкөдөгү институттарда өтө көп иштелмелер болгону менен, алар ишке киргизиле элек. Мына ошол эмгектер технопарк аркылуу ишке кириши абзел.

“Европанын тажрыйбасы биз үчүн абдан маанилүү, себеби бүгүн бизге Эстониянын, Австриянын технопарк курууда тажрыйбасы көп өкүлдөрү келип отурат. Тегерек столдун шарапаты менен алардын иши менен таанышып, ошондой эле илим жаатында чыгармачылык байланыш түзүлүп жатат. Келечекте Европадагы өнөктөштөр, илимдер академиясынын илимпоздору, алдыңкы жогорку окуу жайлар биргелешип идеяларды, инновациялык иштелмелерди ишке ашырабыз деп ойлойм. Азыр биз “Евразия илим курун” түзө баштайбыз. Мында Улуттук илимдер академиясынын Технопаркынын инновацияны ишке ашырууда, аны жайылтууда орду чоң болот” – деди УИАнын академиги Аскар Кутанов.

Интеллектуалдык менчик жана технологияларды өткөрүү боюнча Эстония борборунун Генералдык директору Мариус Кунингас технопарктарды өнүктүрүү жаатындагы тажрыйба алмашууга жана иштиктүү мамиле түзүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Машине таануу институтунун директору Бактыбек Султаналиев улуттук илимдер академиясынын технопаркы, анын учурдагы абалы, бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрү жана келечеги жөнүндө билдирүү жасады.

«Мага Эстониянын технопарк түзүү боюнча тажрыйбасы жакты. Ишти кантип уюштурган, анын өндүрүшкө ашыруу циклы кандай уюшулган – биз анын жакшы жактарын алышыбыз абзел. Академиянын технопаркты түзүү боюнча иштери салыштырып караганда көп экен–деди Султаналиев.

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматынын жетекчиси Динара Молдошева Эстониянын интеллектуалдык менчик борбору менен эки таратуу кызматташтыктын актуалдуулугун белгилеп, анын ичинде өлкөдө техно парктарды өнүктүрүү зарылдыгы турганын билдирди.

Практика көрсөткөндөй, инновациялык ишмердүүлүктө технопарктар бирден-бир башкы субьект болууда. Андыктан Кыргызстанда техно парктарды өнүктүрүү абдан актуалдуу маселе”,-деди Молдошева.

Эстониялык адистер белгилегендей, ал өлкөдөгү технопарктарга көп өлчөмдө инвестициялар тартылган, анын эсебинен экономикасынын өнүгүшүнө салым кошулууда. Алар көбүнчө технопарктарды жогорку окуу жайларынын базасында түзүп, стартап долбоорлорду колдоого алышкан.

Эстония ишканалар жана илимий-изилдөө институттарынын биргелешкен иши боюнча BioCC OÜ уюмунун директору Эне Tammsaar:

“Изилдөөлөргө жана өнүктүрүүгө тартылган бери кызматташуу, идеялардын кызматкерлердин маалымдуулугун жогорулатат. Окуучулар жана студенттер менен бирдикте илимий-изилдөө жана өнүктүрүү иш-аракеттерин күчөттү. Рынокко жаңы буюмдардын ашыруу жетишкендиги жана ишканалардын атаандаштык жана кошумча нарк менен жаңы продуктулардын рыногуна жайгаштырууну жана экспорттук ишканаларды көбөйтөт», — деди.

Кыргызстанда жогорку технологиялуу өндүрүштү колго алууга аракеттер көп жыл мурда эле аракет жасала баштаганы менен, өлкө азырынча алдыңкы маалымат технологияларынын үзүрүн көрө элек. Анан калса, технопарктар, анда учур талабына жараша айрым бир, ошол эле нанотехнология боюнча лаборатория болгону менен, аларды каржылоо ачык бойдон.

Аистер технопаркты куруп, өнүктүрүүгө каражатты аябоо зарыл экенин, анткени бул тармак келечекте өлкөгө миллиарддаган инвестицияларды алып келгенин байма-бай айтып келишет.

Назгүл Бостонбаева

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости