• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Тажикстанда тамеки саткандарга жана коомдук жайларда чылым чеккендерге карата чара күчөтүлдү

????????????????????????????????????

👁 1,125

Душанбеде “Тамеки чегүүгө чектөө коюу” тууралуу Тажикстан Республикасынын мыйзамы” деп аталган темада маалымат жыйыны болду. Анын максаты – мыйзамдын нормаларын жана укуктук жөнгө салуу механизмдерин түшүндүрүү. Бул тууралуу Диалог жазып чыкты.

Тажикстанда чылымга каршы мыйзам кабыл алынгандан кийин кайсы жерлерде тамеки чегүүгө болбой тургандыгы тууралуу Dialog.TJ менен болгон маек учурунда Тажикстан Республикасынын керектөөчүлөр союзунун аткаруучу директору Илхом Абидов айтып берди.

–Айтсаңыз, эмнеге республикада тамекиге каршы мыйзам киргизүү чечими кабыл алынды? Анын өзгөчөлүгү эмнеде?

2013-жылы Тажикстан Республикасында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан бекитилген чылым менен күрөшүүгө арналган Келишим ратификация болгон. Бул келишимдин талаптарына ылайык, Тажикстан саламаттыкты сактоо тармагындагы мыйзамды талапка ылайык келтирүү милдеттенмесин алган.

Тажикстан Республикасы “Тамекини колдонууга чектөө киргизүү” тууралуу мыйзам кабыл алуу үчүн 2015-жылдын башынан баштап 2017-жылдын акырына чейин иш алпарды. Бул мыйзам долбоорунун алкагында атайын жумушчу топ иштеди. Анын курамына Тажикстандын парламент мүчөлөрү, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, калкты социалдык коргоонун өкүлдөрү киришти. Керектөөчүлөр союзу жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кеңешчи катары иш алпарышты.

Белгилей кетчү нерсе, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен болгон Келишимдин негизги талаптарынын бири жабык имараттарда тамеки чегүүгө тыюу салуу болчу. Ал эми жакында кабыл алынган мыйзамга ылайык, кайсы жерлерде чылым чегүүгө болбой турганы так жазылган – тактап айтканда, сейил бактарда, балдар аянтында, коомдук тамактануучу жайларда, жумуш бөлмөлөрүндө, ресторандарда, кафелерде тамеки тартууга тыюу салынат. Буга чейинки мыйзамда иш бөлмөлөрдө жана коомдук жайларда гана тамеки тартууга тыюу салынган болчу.

Ошондой эле жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, тамекилердин сыртында чылым чегүү эмнеге алып келери тууралуу сүрөттөр тартылуусу керек. Бул коркунучтуу сүрөттөр тамеки кутусунун эки бетине тең тартылып, анын зыяндуулугу дагы жазылышы шарт.

–Мыйзамды кабыл алуу менен эмне өзгөрөт жана Тажикстанда тамеки чегүү менен күрөштө ал кандай роль ойнойт?

Бул мыйзам өтө чоң роль ойнойт. Тамеки кутусунда коркунучтуу сүрөттөр тартылганы жаштарга чылымдын зыяны тууралуу маалымат берип, аларды жаман адаттан алыстатат.

Эми тамеки кутуларында “жеңил”, “ментол” деген жазуулар болбойт, себеби дал ушундай жазуулар жаштардын кызыгуусун арттырып келет. Мындан сырткары жаңы талаптарга ылайык, тамекилер атайын “боксторго” тизилет дагы, чылым чеккендер үчүн алар тамекинин тизмесин беришет.

–Адамдардын ден-соолугун сактоо үчүн кабыл алынган мыйзам канчалык эффективдүү?

Кабыл алынган мыйзам жарандардын ден-соолугун коргоодо чоң роль ойнойт. Эгерде тамеки сатуучулар талаптарды толугу менен аткарса натыйжа жакшы болот.

–Эми кайсы жайларда чылым чексе болот дагы кайсы жерлерде болбойт?

Бул мыйзамда коомдук жай деген түшүнүк жок. Мыйзам аркылуу кайсы жайларда тамеки тартууга болбой турганы так жазылган. Алар: иш бөлмөлөр, кафелер, ресторандар, барлар, коомдук тамактануучу жайлар, сейил бактар. Мындан сырткары жаңы мыйзамга ылайык, жергиликтүү аткаруучу органдар адамдар көп топтолуучу жайларда чылым чегүүгө тыюу сала алышат. Имараттардан тыш жерлерде гана тамеки тартса болот.

–Душанбеде айрым кафелер жана ресторандар чылым чеккендер үчүн желдеп туруучу атайын жайларды салышкан. Эми жада калса ал жерлерде дагы тамеки тартса болбойбу?

Туура. Мындай жайларда тамеки тарткандар үчүн ошол жерлердин ээлери жооп берет. Мыйзамга ылайык, тамактануучу жайлардын ээлери тамеки тарткан кардарлары үчүн имараттан тышкары жай таап беришсе болот.

–Мыйзамдын аткарылуусун ким көзөмөлдөйт?

Аткаруу боюнча эч кандай маселе болбошу керек. Ал эми анын аткарылуусун көзөмөлдөөчү адамдарды айта турган болсок, Саламаттыкты сактоо министрлиги, «Таджикстандарт», милиция жана бажы кызматкерлери.

–Эми дүкөндөрдө калган жаңы мыйзамдын нормаларына туура келбеген тамекилер эмне болот? Алар сатуудан алынабы?

Саламаттыкты сактоо министрлиги жана калкты социалдык коргоо кызматы сүрөттөрдү бекиткенден кийин тамеки чыгаруучулар жана сатуучулар баары бул тууралуу маалымат алышат дагы нормага туура келбеген тамекилердин баарын сатуудан алуулары кажет.

Учурда тыштан ташылып келген өнүмдөр кабыл алынган нормага туура келбейт. Борбор Азияда тамеки чыгаруу менен 4–5 ири компания алек болот жана алардын жетекчилери Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун талаптары тууралуу билишет. Мисалы, Казакстанда ушундай эле мыйзам бир нече жыл мурун кабыл алынган, учурда баардык маселелер жөнгө салынган.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости