• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Тажикстанда чет өлкө сапарларын чектөөнү жоюуну талап кылышууда

👁 585

Тажикстанда жарандык коомчулук өкүлдөрү мугалимдер менен студенттердин чет өлкөгө чыгуусуна чектөө киргизген Билим берүү министрлигинин буйругун жокко чыгаруу талабы менен Башкы прокуратурага кайрылышты. Билим берүү жана илим министрлиги кол алдындагылардын уруксат кагазы жок өлкөдөн чыгуусуна тыюу салган.

Коомдук уюмдардын, анын ичинде Independent Center for Human Rights Protection борборунун билдирүүсүндө Билим берүү министрлигинин буйругу Конституцияга жана эл аралык конвенцияларга каршы келери айтылат. Тажикстандын Баш мыйзамына ылайык, жарандар ээн-эркин жүрүүгө, өлкө тышына чыгууга жана кирүүгө укуктуу.

Быйыл май айынан тарта мектеп директорлору, жогорку окуу жайлардын ректорлору, окумуштуулар чет өлкө сапарларын алдын ала Билим берүү министрлиги менен макулдашууга милдеттендирилген.

Окуу жай жетекчилери эл аралык иш-чараларга катышып, сөз сүйлөй турган болсо баяндамаларынын мазмунун Билим берүү министрлигине кабарлоого милдеттүү. Иш-сапардан кайтып келген соң отчет берүү керек болот. Орто мектептин мугалимдери жана окуучулары эл аралык олимпиадаларга катышса дагы бийликтен ушундай эле тартипте уруксат алышы зарыл.

Тажикстан Билим берүү министрлиги бул буйрук студенттердин жана окутуучулардын чет өлкөгө чыгуусун жеңилдетүү үчүн киргизилген деп ишендирүүдө. Мындан тышкары министрлик бул аракетин жаштарды терроризм пропагандасынан сактоо аракети катары сыпаттады.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости