Токтом 16-майда өлкөнүн Юстиция министрлиги тарабынан жарыяланды. Маалыматка караганда, «Барки точик» компаниясынын базасында «Электр жеткирүү түйүндөрү» жана «Электр бөлүштүрүү түйүндөрү» деген эки жаңы акционердик коом түзүлөт.
Тажикстанда энергетикалык компаниялардын түзүмүн өзгөртүү планы өлкө өкмөтү тарабынан 2011-жылы бекитилген. «Барки Точик» компаниясын кайра түзүүгө 7 млн 231 миң 400 евро каражат жумшалат. Бул ишке Corporate Solutions эл аралык консалтинг компаниясы тартылган.
«Барки Точиктин» курамына 24 энергетикалык объект кирет, аларда жалпысынан 12 миңден ашык киши иштейт. «Барки точик» компаниясы ошондой эле коңшу өлкөлөргө электр энергиясы сатуу менен алектенет.