• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Тажикстан Молдовадан акча которуу программаларын үйрөнүүдө

????????????????????????????????????

👁 1,027

Ушул жумада Тажикстан Республикасынан келген өкмөттүк делегация Молдова Республикасынан эмгек мигранттарынан келген акча которууларды инвестиция катары экономиканы өнүктүрүүгө кантип жумшаса болору тууралуу программаны үйрөнүүдө. Жакынкы убакта Тажикстан дагы БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) колдоосу менен Молдовадагыдай программаны ишке ашырууну пландоодо.

Делегациянын курамына Тажикстандын Эмгек, миграция министрлигинин, Айыл-чарба, Финансы министрлигинин өкүлдөрү киришкен. Иш-сапардын максаты – Молдова Республикасынын PARE +1 деп аталган акча которууларды экономиканы өнүктүрүүгө жумшоо боюнча программасын үйрөнүү. Бул программа 2011-жылдан тарта чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү үчүн ишке ашырылып келет.

2011–2017-жылдар аралыгында акча которуулардын эсебинен 10 млн евролук 1100 бизнес-долбоор ишке ашырылган. Бул экономикага кошумча 34 млн евро инвестиция тартууга жардам берип, 3000 жумушчу орун түзүлгөн. Инвестициялардын маанилүү бөлүгү агро өнөр-жай тармагына туура келген.

Тажикстандын өкмөтү ФАОнун колдоосу менен дал ушундай программаны ишке ашырууну пландоодо. Анын максаты – эмгек мигранттары которгон каражатты айыл-чарбага жана агробизнеске инвестиция катары тартуу. Каалоочулар чакан ишин баштоо үчүн грант алып, окуудан өтө алышат.

Тажикстанда айыл-чарба экономикалык жана социалдык өнүгүү үчүн негизги тармак болуп саналат. 2017-жылдын 3-кварталында Орусиядагы тажик эмгек мигранттары которгон каражаттар 1 663 млрд. Доллар болуп, 2016-жылга салыштырмалуу 231 млн. долларга көп болгон.

“Миграция жана акча которуулар Борбордук Азияда маанилүү роль ойнойт. Молдова аймактагы башка өлкөлөр үчүн мыкты үлгү болууда. Ал эми ФАО болсо туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнү каалаган өлкөлөр үчүн жардамын аябай келет”,-деди ФАОнун экономика жана айыл-чарбаны өнүктүрүү маселелери боюнча бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Марко Санчес.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости