Тажикстан чет мамлекеттерден жумуртка алып кирүүгө тыюу салды. Өлкөнүн Бажы кызматынын тармактык журналына жарыяланган макалада тыюу «Тажикстандарт» мекемесинин талабы менен түшүндүрүлгөн.
«Тажикстандарттын» басма сөз катчысы Мурод Ашуров Өзбекстандан жумуртка алып келүүгө санитардык нормалар сакталбагандыктан тыюу салынганын айтты.Ошондой эле анда ата мекендик ишканалар жумуртка менен ички базарды толук камсыз кыла тургандыгы жана чет өлкөлөрдөн алып келүү зарылдыгы жок экени белгиленген.
Маалыматка караганда, 2016–2017-жылдары Тажикстанга жумуртка алып келүү менен 32 компания жана жеке ишканалар алектенишкен. Аларга «Тажикстандарт» тарабынан тыюу тууралуу алдын ала эскертилген.