Мунун баары эмнеден чыкты? Анткени, айылдарда жана кичи шаарларда катуу тиричилик таштандыларды чыгаруу боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүү уюштурулган эмес, муниципалдык «Тазалык» ишканаларынын аты эле калган же чыгашалуу болуп ишин уланта албай калган, айрымдары таптакыр жабылган. Анын натыйжасында, таштанды чыгаруу абдан начар жүргүзүлөт, калк кызмат үчүн акы төлөгүсү келбейт, эски техникалар тиешелүү оңдоодон өтпөгөндүктөн жараксыз абалга келген, айылдар жагымдуу көрүнүшүн жоготкон, ал эми айылдык аймактарга туристтердин кызыгуусу төмөндөп кеткен. Жыйынтыгында жергиликтүү бюджеттер кирешесин жоготкон жана мындай көрүнүш азыр да уланууда.
Андыктан бул багыттагы көйгөйлөрдү чечүүнүн оң тажрыйбасына кайрылуу пайдалуу болмокчу.
Ысык-Көл облусундагы Дархан АӨ көрүнүктүү мисалы
«Күн күркүрөмөйүнчө адам келме келтирбейт» деген накыл кепте айтылгандай, дархандыктарды бул маселе ойлонтпой койгон жок. Акыры алар көйгөйдүн үстүндө ойлонуп, кыска убакыт ичинде бул аймак үчүн абдан зарыл болгон катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүүнү уюштурушту. Учурда Дарханда мамлекеттик каттоодон өткөн «Тазалык-Дөөлөт» муниципалдык ишканасы иштейт, анда 1 өзү төгүүчү автоунаа жана 1 трактор бар.
Акыры мындай баш аламандыкты жөнгө салуу үчүн АА жетекчилиги атайын комиссия түзүп, кырдаалды жөнгө салуунун үстүндө иштей баштаган. Ал үчүн төмөндөгүдөй иштер аткарылган: АӨ менен «Тазалык-Дөөлөт» МИ ортосунда келишимге кол коюлуп, андан тышкары абоненттик келишимдер даярдалган, ошондой эле, муниципалдык мүлктү иштетүү тууралуу да макулдашуу түзүлдү. Кызмат көрсөтүү боюнча стандарт иштелип чыкты жана бекитилди, таштандыларды чыгаруу боюнча эсептөө жүргүзүлгөн, анын жыйынтыгында ар бир үй чарбасынан 60 сомдон жыйноо боюнча тариф аныкталды, ошондой эле кырдаалга көз сала турган 28 чөлкөм башчысы шайланган.
«Ушул жылдын 29-июлунан тартып катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу кызматы Дархан айылындагы Толубай көчөсүнөн ишин баштаган, алгачкы иштер үчүн АӨ жергиликтүү бюджеттин эсебинен 500 литр күйүүчү май бөлүнгөн. Бүгүнкү күнү таштандылар айына эки жолу, ишемби жана жекшемби күндөрү чыгарылат. Ал эми курамына жергиликтүү кеңештин депутаттары, коомчулук өкүлдөрү, аялдар жана жаштар уюмдарынын жана аксакалдар сотунун мүчөлөрү кирген мониторинг жана баалоо комиссиясы аткарылган иштин сапатына көз салып турат»,- дейт Дархан АӨ башчысы Мирлан Бейшенов.
Ошондой эле, Дархан АӨ рентабелдүүлүк үчүн ай сайын 19285 сом карап берген, техниканын амортизациясы үчүн – 12,5 миң сом; жумушчулардын айлыгына – 5 миң сом бухгалтерге – 5,5 миң сом жетекчиге – 7 миң сом бөлүнгөн.
Жалал-Абад облусунун Ырыс АӨ кырдаал
Бүгүнкү күндө АӨ көйгөйдү чечүүнүн башка жолун сунуштоодо: таштанды чыгаруу үчүн чогултулган каражаттын 40% Айылдык кеңештин макулдугу менен субсидиялоо керек.
Азыркы учурга карата Ырыс АӨ коңшулары болгон – Сулак АӨ менен Барпы АӨ бул ишти макулдашкан, эми болсо тарифти төмөндөтүүнүн эсебинен катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу кызматынын иши жакшы жүрүп кетет деген күтүү болуп жатат.
Бирок көп убакытка чейин АӨ менен сервистик келишимдер жок болгон, ал эми кызмат көрсөтүүнү жүзөгө ашыруу механизми, кызмат акысынын техникалык-экономикалык негиздеме эсептөөлөрү да жүргүзүлгөн эмес. Жергиликтүү бийлик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөгү өзгөртүүлөр жана мыйзамдардагы жаңы талаптар жөнүндө коомчулукка өз убагында маалымат берген эмес.
Корутундулар өзүнөн өзү жаралат
«Мында бир эле кызмат көрсөтүүнү уюштуруунун эки мисалын көрдүк, бирок бул мындай корутунду чыгаруу мүмкүндүк берет: Дархан АӨ сыяктуу таштандыны чыгаруу боюнча туруктуу тутум уюштурулса ийгилик жаралат, — дейт эксперт Турат Азимбеков. – Эл жергиликтүү бийлик тараптан кам көрүүнү сезген жерде ийгилик болот. Ошондо алар дагы жакшы көңүлдөнүп иштешет, туулган жерин таштап кеткендер азаят».
Баардык эле ЖӨБО муну кандай жол менен ишке ашыруунун жолдорун биле беришпейт. Бул жерде аларга ЮСАИД уюму колдоого алган «Ийгиликтүү аймак» долбоорунун консультанты жардамга келет.
ЖӨАБ иштери боюнча эксперт Асылбек Чекиров тарабынан 2017-жылы апрель айында кызмат көрсөтүүлөр стратегиясынын методологиясы иштелип чыккан, консультанттар бул усул боюнча 2017-жылдын май айында пилоттук 16 АӨ бет ачаар өткөрүшкөн. Бирок алар жергиликтүү бийлик органдарынын кайрылган учурда кайсыл учур болбосун жардамга барууга даяр, адистер жеринде кеңеш берүү менен техникалык көмөк көрсөтө алышат.
Бирок айыл өкмөттөрү тез чечүү талап кылган көйгөйлөрдү чечүү үчүн өздөрү кызыктар болуп, демилге көтөрүшү керек. Антпесе, айылдагы көйгөйлөрдү башка бирөө келип чечип бербей турганы айдан ачык.
Ирина Байрамукова