Кургактыктын 75%ы сууга курчалган. Чындыгында бардык суулардын 97,5%ы туздуу суу жана аны ичүүгө, сугатка колдонууга болбойт. Болгону 2,5%- — таза суу (сайлар, көлдөр, жамгыр, кар – негизгиси муз). Азыр көпчүлүк өлкөлөр Жер шарындагы эң баалуу сууну коротушуп, экологдор тынчсыздануусун билдиришүүдө!
Ар бир адам 50% суудан турат жана жаш өзгөчөлүгүнө карабастан күндө жок дегенде 2,5 литр суу колдонот. Бүгүнкү күнү дүйнөнүн 40% калкы жашаган 80 өлкөдө таза суу тартыштыгы бар.
БУУнун эксперттеринин жыйынтыгы боюнча, эң көп таза суу Финляндияда, Канадада жана Жаңы Зеландияда. Орусия тизмеде жетинчи турат (ал жакта 20% дүйнөлүк запас Байкалда). Акыркы орунда Бельгия, Марокко жана Индия. Калкынын санына жараша караганда Гренландиянын эсебинен Дания, Француз Гвианасы жана Исландия алдыда.
Бул тизмеде Кыргызстан алдыңкы ондукта дагы жок. Ошондуктан биз түгөнбөгөн байлык катары санаган суу тууралуу ойлонуубуз керек.
КРнын аймагынын 4,2%ын муздар түзөт. Муздардагы таза суу запасы 650 куб км болсо, көлдөрдө 1745 куб. км. Бирок изилдөөлөрдүн натыйжасында акыркы 30 жылда муздардын аянты 15%га кыскарган. 2100-жылга карата муздардын бат ээриши суулардын агымынын 2 эсеге кыскаруусуна алып келип энергетика жана айыл-чарбасы үчүн олуттуу көйгөй жаратат.
Жаратылышынын өзгөчөлүгүнө жана Кыргызстандын географиялык абалына карабастан сууну колдонуу көбөйгөндүктөн жана аны кайтарып алуу мүмкун болбогондуктан дефицит күч алышы ыктымал.
Учурда АРИС кыргызстандыктарды “көгүлтүр алтынды” үнөмдөөгө чакырууда. Агенттиктин адистери Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Чырак айылын мисал келтирип келишет. Айылдагы суу колдонуучулар коомунун (СООППВ) жетекчиси Имаш Назарбаевдин айтымында, аталган айылдагы ар бир үйдө суу эсептегичтери орнотулган, тариф болсо аймактагы эң арзан тарифтердин катарында: куб метрине 10 сом.
Чырак айылына кеңеш алуу үчүн коңшу айылдардан да келишет. Имаш Назарбаевдин эшиги болсо такыр эле жабылбайт, себеби бул жакка бүткүл облус боюнча кишилер келишип, кеңеш алып кетишет!
Чырактыктар болсо сууга болгон мамилени оңдоо кыйынга турганын айтышат, анткени Советтер Союзу учурунда суу бекер болгон да. Бирок убакыттын өтүшү менен суу түтүктөрүн алмаштыруу зарылчылыгы келип чыгууда, каржылык жактан мамлекет жардам бере албайт, акчасы жок! Донорлор дагы акчаны дайыма эле бере беришпейт эмеспи.
Бүткүл дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү Александр Кремер жакынкы аралыкта банк айылдарды суу менен камсыз кылууга каражат бөлө албастыгын билдирди, анткени долбоордун бюджети түгөнгөн. Жаңы долбоорду ишке ашыруу 2–3 жылдан соң гана болору күтүлүүдө.
Мисалы, коңшу айылдардын жашоочулары 20 жыл ичинде 7 чакырым суу түтүктөрүн оңдоп коюшуп, донорлордон акча күтүп жатышат. Ал эми насостук станциянын болгону 25%ы гана иштейт.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Балтабай айылынын айыл башчысы Темирбек Кулдаев чарбачыл болуу керектигин билдирди.
“Сууну эсептеп турсак, адамдар дагы үнөмдөп колдоно башташмак. Ошондой эле суудан түшкөн каражаттын бир бөлүгүн суу түтүктөрүн оңдоого алып турушмак. Ошондуктан суу менен камсыз кылуу долбоору аяктагандан кийин аймактык-инвестициялык комитеттердин лидерлери капаланбай, каражат табуунун жаңы булагын издеши керек”,-дейт Темирбек Кулдаев.
Калктын санынын өсүп жатканына байланыштуу жана өндүрүш көбөйүп жаткандыктан суунун мааниси дароо жогорулап, аны экологиялык жактан коргоо керектиги тууралуу маселе көтөрүлүп келет. Баарыбыз суу ресурстары чексиз эмес экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Биздин ден-соолугубуз, жашообуз суунун сапатынан жана санынан көз каранды. Ошондуктан суу күнүн белгилеп жатып суу ресурстарын сактообуз керектигин эстей жүрүшүбүз керек.
Кыргызстан – сууга бай өлкө. Кыргызстандыктар таза сууну сактоого өзгөчө мамиле кылуусу керек. Анткени эл аралык эксперттер билдиргендей, таза суу тартыштыгы XXI кылымдын ортосунда пайда болот.
Ар бир элдин акылмандыгы колдо бар нерсени баалай билүүсүндө. Биздин элдин акылмандыгы дагы суу ресурстарын коргоодо. Ошондо гана Кыргызстан “XXI кылымдын суюк алтынынын” ээси болуп калат.
Суу – бул жашоо!
Ирина Байрамукова