“Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясында «Таза Коом” долбоору боюнча келип түшкөн сунуштар талкууланды. Ага Президенттин Аппаратынын, Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Алар жарандардан келип түшкөн, ошондой эле өлкөнүн бардык аймагында өткөрүлгөн тегерек үстөлдөрдүн жүрүшүндө айтылган сунуштарды талкуулашты.
Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгына 20-январга чейин Улуттук стратегияны долбоорун өзүнүн кароосуна киргизүү боюнча тапшырма берген.
Стратегиянын жыйынтыкталган варианты 2018-жылдын февралынын акырына чейин Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында кабыл алынууга тийиш.