• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

«Таза коом» айкындуулук үчүн

dordoy-dyiykan-2

👁 940

2017-жылдын 11-июлунда КРнын экономика министри Арзыбек Кожошев Бүткүл дүйнөлүк соода уюму өткөрүп жаткан “Соодага таасир берүү –2017” форумунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын биринчи орун басары Филипп Беннет менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр А.Кожошев Кыргызстандын өнүгүүсүнө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын салымы чоң экенин белгилеп, 1993-жылдан тарта банктан инвестиция көп болгонун айтты. Министрдин айтымында, банк учурда 700 млн еврого 153 долбоорду ишке ашырган. Жалпы портфелдин ичинен 69%ы жеке секторго туура келген.

Ошондой эле министр Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына “Таза коом” Эл аралык форумун бийик деңгээлде өткөрүүгө колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул долбоорду ишке ашырууда активдүү катышуу сунушу киргизди.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын вице-президенти бул сунушка кызыкдар экенин билдирип, жеке секторго мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүү болуусу тармагын колдой турганын айтты:

- юридикалык жактарды каттоо системасын электрондоштуруу;

–нотариалдык күбөлөндүрүү системасын автоматташтыруу:

–патент берүү системасы;

–юридикалык укуктарды жана укуктук мамилелерди электрондук каттоо.

Ошондой эле КРнын экономика министри Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына “Таза коомдун” трасттык фондун түзүүгө катышуу сунушун киргизип, бул мамлекеттик кызматтарды автоматташтырууда финансылык платформаны ишке ашырууга көмөкчү болорун белгиледи.

Өз кезегинде вице-президент Ф. Беннет бул маселени жакшылап карап чыгуу керектигин билдирди.

Санарип технологиялар акырындык менен биздин жашообузга кирип, жакшы жактарын көрсөтүүдө. Себеби компьютер пара алгыдай адам эмес да. Анда адамдык фактор жок. Бул жарандардын мамлекет менен болгон мамилесин ачык-айкын кылат.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости