«Таза коом» долбоорун негизинде 17 Калкты тейлөө борбору жана өлкө региондорунда 363 маалыматтык киоск иштеп жатат.
Премьер-министр Сапар Исаковдун айтымында, аталган чара өлкө жарандары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана мамлекеттик тейлөөлөрдү алуу ыкчамдыгын жогорулатууга мүмкүндүк берди.
«Кыска мөөнөт ичинде санариптик трансформация процесси атамекендик экономиканын динамикалуу өнүгүүсү үчүн негиз түзүү менен оңдуу жыйынтыктарды бере баштады. Мамлекеттик органдардын бардык күч-аракети жарандардын жашоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталышы тийиш. Бардыгы жарандын тегерегинде, анын ичинде мамлекеттик тейлөөлөр да адам убактысын жана акча каражатын үнөмдөө үчүн топтолушу кажет», – деди ал.
Премьер-министр Сапар Исаков өлкө аймактарында калкты тейлөөчү мобилдик Калкты тейлөө борборлорун көрүп чыкты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына БУУӨП тарабынан тийиштүү жабдылган 16 микроавтобус берилди. Мобилдик комплекстер «Электрондук Өкмөт» тутумун түзүү үчүн Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестри тутумун түзүүгө көмөк көрсөтүү боюнча долбоор алкагында берилген. Өлкөдө экинчи жыл ишке ашырылып жаткан долбоордун жалпы суммасы 5,5 млн АКШ долларынан ашуун сумманы түзөт.