Ташкентке жана Ташкент облусуна келген физикалык жактар, жарандыгы жок чет өлкөлүктөр жана башка аймактарда каттоосу жоктор борбордогу жаңы конуштардан 600 млн сумдук турак-жай ала алышат. Бул тууралуу Norma.uz. билдирди.
Буга чейин мындай келишим түзүү 150 миң долларды же 1,221 млрд сумдан ашуун каражатты түзчү. Нотариустар үчүн нотариалдык кызматтарды көрсөтүү тартибине Юстиция министринин буйругу менен 15-январдан тарта өзгөртүүлөр жана кошумчалар киргизилди.
Атайын белгиленген жердерден турак-жай сатып алышкан чет өлкөлүк жарандар Ташкентте же Ташкент облусуна дайыма каттоого тура алышат.
Аны менен катар эле минималдуу мамлекеттик төлөм белгиленди, мындай келишимдерди жүргүзүү үчүн нотариалдык кызмат келишимдин 10%ын түзөт.
Жаңы конуш катары колдонууга берилгенинен тарта 3 жылдан ашуун убакыт өтпөгөн үйлөр, мекемелер саналат.