Тажикстан менен визасыз режим тууралуу Макулдашууга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёвдин Душанбеге болгон иш-сапары учурунда кол коюлушу мүмкүн. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Азиз Абдухакимов 15-январда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, тиешелүү сүйлөшүүлөр Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун Тажикстанга болгон иш-сапары учурунда жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Газета.uz жазып чыкты.
“Бул өтө олуттуу чечим. Ал Тажикстандын жашоочуларынын кызыгуусу арттырат деп ойлойм, биринчиден туугандарына катташса, экинчиден туризм өнүгөт”,-деди туристтик мекеменин жетекчиси.
Ошондой эле ал Тажикстандын тургундарына медициналык туризм дагы кызыктуу болорун белгиледи. Андан сырткары Самаркандга, Бухарага, Хивага баруу дагы алда канча кызыктуу болот. “Жылына Тажикстандан 150–200 миң киши турист катары келет деп айтсак болот”,-деди Азиз Абдухакимов.
Виза режимин алып салуу же жеңилдетүү маселеси премьер-министр Абдулла Ариповдун Тажикстанга болгон сапарынан тарта каралууда.
“Кандай чечимге келерибиз Шавкат Мирзиёевдин сапары учурунда белгилүү болот. Бул өлкө башчылары кандай сүйлөшкөнүнөн көз каранды болот, себеби бул жерде бир катар маселелерди жөнгө салуу кажет: логистикадан тарта чек арадагы өткөрүү пункттарына чейин. Алар кайда жайгашат, адамдар чек арадан кантип өтөт деген маселелерди дагы карап чыгуу керек”,-деп билдиришти мекемеден.