«Ташкент – Андижан – Ош — Эркеч-Там — Кашкар» транспорттук коридору менен экспорттук жүгү бар унаалар 25-февралда биринчи жолу өтүшөт. Бул тууралуу Тышкы соода министрлиги билдиргенин «Газета.uz» жазып чыкты.
Өзбекстандын жана коңшу мамлекеттердин экспортчуларынын өнүмдөрү Silk Road International компаниясынын унаалары менен ташылат. Кашкарга келген унаалар кайра артка кайтып жатканда импорттук өнүм менен кетишет.
30-октябрдан 3-ноябрга чейин Өзбекстандын, Кыргызстандын, Кытайдын жүк ташуучу унааларынын катышуусунда каттам боюнча пилоттук унаа жүрүш уюштурулду. 920 чакырым болгон аралыкты 31 саатта өтүүгө мүмкүн экени белгилүү болду, анын 16 сааты жол жүрүү менен өтмөкчү.
Учурда унаалардын ылдамдыгы саатына 50–60 чакырымда түзүүдө. Өзбек-кыргыз чек арасын (Достук өткөрүү бекети) кесип өтүүгө болжол менен 1,5 саат кеткен, кыргыз-кытай чек арасынан өтүү (Эркеч-Там) 2 саатты алган.
Сары-Таш ПГТсынан жана Эркеч-Там ашуусунан өтүүчү жол Өзбекстандан Кытайга баруучу эң кыска жол.
“Бул каттам менен кетүүчү жол Өзбекстанда, Кытайда, Кыргызстанда да нормаларга жооп берери белгилүү болду”,-деп билдирди маалымат жыйын учурунда Өзбекстандын унаа транспорту агенттигинин жетекчисинин орун басары Шалим Шавахабов.
Үстүбүздөгү жылдын акырына чейин жаңы коридор аркылуу 100 миң тоннага жакын экспорттук-импорттук жүк ташуу пландалууда. 3 ай ичинде 27 миң тонна көлөмүндө жүк ташууга арыздар кабыл алынган. Алар кездеме, тери жана айыл-чарба өнүмдөрү, ошондой эле электротехника өнөр-жай ж.б товарлар.
“Жаңы каттам менен кыска мөөнөттө жүктү жеткирүүгө болот. Эгерде буга чейин иштеп жаткан каттам менен жүк Өзбекстандан Кытайга 8–10 күндө жетип келсе, жаңы каттам менен болгону 2 күн сарпталат. Абдан зарыл болгон учурда суткада жүктү жеткирүүгө мүмкүн”,-деди Тышкы соода министринин орун басары Сахиб Саифназаров.
Контейнерлерди жана жүктөрдү ташуудагы система ар бир жүктү ташууда 300–500 доллар үнмөдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт жана жалпысынан 2,5 млн доллар чыгым кыскарат деп айтылды маалымат жыйынында.
Өзбекстандын Андижан облусунда жүк ташуучулар жана жүк кабыл алуучулар үчүн «Ахтачи» терминалынын базасында транспорттук-логистикалык борбор түзүлгөн. Ал өлкөнүн баардык бурчунан Андижанга жүктү темир жол менен жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Ал эми «Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай» темир жол каттамын куруу каттам дагы 1000 чакырымга кыскартууга мүмкүнчүлүк берет.
Жаңы коридорго афган өнөктөштөр дагы кызыгып, Мазари-Шарифтен Андижанга чейин темир жол менен жүк ташып, андан ары Кытайга жиберүүгө кызыгышууда.
Эске сала кетсек, «Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай” коридорун ачуу 2017-жылдын май айында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин Кытайга болгон сапарында демилгеленген.