• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Тармактык комитет турак-үйлөрдү ижарага берүүнү көзөмөлдөйт

dsc09155

👁 931

13-февралда Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында салык тармагын электрондук тейлөөгө, анын ичинде электрондук эсеп-фактураларды колдонууга өткөрүү үчүн салыкты электрондук жана аралыктан башкаруу усулун киргизүү чараларын ишке ашыруу максатында Өкмөт тарабынан сунушталган мыйзам долбоору каралды.

Эл өкүлдөрү жалпы эле салык чогултуу тармагы реформалоого муктаж экендигин белгилөө менен аталган мыйзам долбоорун экинчи орууда колдоп беришти.

Ошондой эле комитет жыйынында Турак-жай, Администрациялык жоопкерчилик жана бузуулар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин камтыган мыйзам долбоору да үчүнчү окууда жактырылды.
Белгилей кетсек, демилгечи депутаттардын бири Алтынбек Жунус уулу аталган мыйзам долбоорунун алкагында жалпы өлкө боюнча көп кабаттуу үйлөрдөгү турак-жайларды мейманкана катары колдонуп, пайда көрүү жагы сунушталып жатканын билдирген. Андан тышкары, жаңы мыйзамга ылайык эгер ижарага берген учурда мыйзамсыз иштер жасалып, коомдук тартип бузула турган болсо, аны жасаган адамды гана эмес, турак-жай ээси да жоопкерчиликке тартылары маалымдалган.

Ал эми Өкмөт да аталган мыйзам долбоору көмүскө иш алып барган жеке ишкерлердин ачыкка чыгуусуна шарт түзүп, туристтик мүмкүнчүлүктөрдү да кеңейтерин белгилеген. 

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости