• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Тармактык комитет ЕАЭБдин Бажы кодексине байланыштуу сунушталган мыйзам долбоорун жактырды

den-pobedyi-v-bishkeke_2018-143

👁 573

Бүгүн, 29-майда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында «Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоору боюнча КР экономика министри Олег Понкратов баяндама жасады.

Мыйзам долбоорунун концепциясы 2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында “ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчылары тарабынан кол койгон ЕАЭБдин Бажы кодексинин жоболору менен Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынын тиешелүү жоболорун дал келтирүүгө багытталган. Аталган Келишимге “ЕАЭБдин бардык мейкиндигинде бажылык бирдиктүү эрежелерин жөнгө салууну камсыз кылуу максатында кол коюлган.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору менен бажы жол-жобосун колдонуу өзгөчөлүктөрү колдонулган эркин экономикалык зонаны аныктоо сунушталууда. Киргизилип жаткан мыйзам долбоору менен “Нарын” ЭЭЗин аныктоо сунушталууда, анткени бул ЭЭЗ ЕАЭБдин Бажы кодексинин талаптарга жооп берет, ага ылайык мындай ЭЭЗдердин аймактарынын чектери ЕАЭБдин бажы чек араларынын участоктору менен толук же жарым-жартылай дал келүүсү керек.

Мындан сырткары, КР Салык кодексине багытталган өзгөртүүлөр менен салык жеңилдиктерин алып салуу каралууда.

Талкууда министр Олег Панкратов депутат Чыныбай Турсунбековдун суроосуна жооп берип жатып контрафактык товарлардын кириши менен бюджетте 1,5–2 млрд сомдук жоготуу болуп жаткандыгын айтты. Андыктан, салмак-габариттерин көзөмөлдөөчү пункттарга салык көзөмөл постторун дагы жайгаштыруу пландашытырылып жатат.
Депутат Ирина Карамушкина айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына Кыргызстандын айыл чарба продукцияларынын Орусия Федерациясынын аймагынан кайра артка кайтарылып жаткандыгы боюнча чыккан маалыматтардын чын-бышыгана кызыкты. Олег Панкратовдун айтымында, мындай фактылар бар, бирок алар Кыргызстандын ЕАЭБ аймагына ташыган товарлардын 1,06% гана түзөт.
Комитет сунушталган мыйзам долбоорун 1-окууда жактыруу менен, Кыргызстандын ЕАЭБдеги баардык өкүлдөрүнүн жасаган иштери боюнча отчетун угуу боюнча чечим кабыл алышты.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости