• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Тармактык холдинг компанияларын түзүү ыкмасы аркылуу мамлекеттик компанияларды башкарууну борборлоштурууну ишке ашыруу сунушталууда

sab_1310

👁 758

Өкмөт башчы Сапар Исаков мамлекеттик ишканаларды башкаруу тутумун реформалоо чараларын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында стратегиялык пландаштырууну иштеп чыгуунун өзгөчө маанисин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө көптөгөн мамлекеттик ишканаларда төмөнкү экономикалык көрсөткүчтөр байкалууда, ал негизинен компаниялардын начар менеджментине байланыштуу келип чыгууда».

Кыргыз Республикасынын экономика министри Артем Новиков мамлекеттик мүлктү башкаруу жаатындагы негизги көйгөйлөргө кенен токтолду.

«Алардын катарына мамлекеттик ишканалардагы натыйжалуулуктун төмөндүгү жана алардын чыгашалуулугу, көзөмөлдөөчү тармактык мамлекеттик органдар тарабынан тийиштүү көзөмөлдүн жоктугу, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу борбордук ченемдик-укуктук жөнгө салуунун, мамлекеттик компаниялардагы экономикалык негизделген саясаттын жана стратегиянын ж.б. жоктугу кирет».

Артем Новиков кошумчалагандай, Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча, көйгөйлөрдү чечүү үчүн Экономика министрлиги тарабынан иштеп жаткан мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам демилгелеринин пакети даярдалып, мамлекеттик мүлктү башкаруу натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган жаңы ченемдик-укуктук актылардын долбоору иштелип чыккан.

Тактап айтканда, аталган демилгелер аркылуу тармактык мамлекеттик органдардын жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун функцияларынын так ажыратылышы, мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик компаниялардын жетекчилерин тандоо жана дайындоо механизмдерин кайрадан карап чыгуу, мамлекеттик мүлктү башкаруу жыйынтыктарын баалоо механизмдерин киргизүү жана муниципалдык менчикке берилген мамлекеттик менчикти ажыратуу боюнча жагымсыз тажрыйбаны жоюу каралууда.

Мындан тышкары, тармактык холдинг компанияларын түзүү ыкмасы аркылуу мамлекеттик компанияларды башкарууну борборлоштурууну ишке ашыруу сунушталууда.

Буга катар экономика министри кошумчалагандай, аталган бир катар демилгелер Өкмөтүн Аппаратынын кароосуна киргизилген, калгандары мамлекеттик органдар менен макулдашылууда.

Премьер-министр Сапар Исаков мамлекеттик ишканаларды башкаруу жаатында коррупциялык тобокелдиктерди четтетүү максатында жогоруда аталган демилгелерди тездетүүнү, ошондой эле мамлекеттик ишканалардын финасылык-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн ири аудитордук компанияларды тартуу мүмкүндүгүн карап чыгууну тапшырды.

Өкмөт башчы белгилегендей, бул компаниянын ишиндеги обьективдүү кемчиликтерди аныктоого, алардын потенциалын жогорулатууга жана көйгөйлөрдү чечүү боюнча мындан аркы чараларды кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгүнүн жана кирешесинин ачыктыгын жогорулатуу максатында башкаруучу компанияларды алардын ишин администрациялоого тартуу мүмкүндүгүн карап чыгуу тапшырылды.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости