КРнын өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы №668 “Чыпкалуу жана чыпкасыз тамекилерге минималдык чекене бааларды белгилөө жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзөртүүлөр киргизилди:
Мезгил | Жыйырма даана тамеки үчүн минималдык чекене баалар |
2018-жылдын 1-январынан тартып, 2018-жылдын 31-декабрына чейин | 50 сом |
2019-жылдын 1-январынан тартып, 2020-жылдын 31-декабрына чейин | 60 сом |
2020-жылдын 1-январынан тартып, 2021-жылдын 31-декабрына чейин | 70 сом |
2021-жылдын 1-январынан тартып, 2021-жылдын 31-декабрына чейин | 80 сом |
2022-жылдын 1-январынан тартып | 90 сом |
Тамекиге болгон баалардын жогорулоосу тууралуу толук маалымат алуу үчүн “Экономика” гезити Экономика министрлигинин салык саясат башкармалыгынын башчысы Кубан Айдаралиевге кайрылып, төмөнкүдөй жооп ала алдык.
КРнын өкмөтүнүн 2017-жылы 21-ноябрдагы № 763 токтому менен тамекинин минималдуу чекене баасын 2018-жылдын 1-январынан баштап 40–50 сомго чейин жогорулатууда. Мындай жогорулоо беш жылдык мөөнөткө бекиди. 2017-жылдын акциздик салыктын эң төмөн эсептелүүсү 40 сом болгонун Кубан Айдаралиев тастыктады.
Тамекиге болгон бааны көтөрүүнүн максаты жарандардын керектөөсүн азайтуу болуп саналат. Ошондой эле тамекиге болгон баанын көрсөткүчтөрү төмөн болгон шартта импорттоочулар Кыргызстанга керектөөдөн ашыгыраак алып келип, төмөн баада сатканга аракет кылышат. Ошол себептен ички атаандаштыктын эрежесин бузбоо үчүн Кыргызстандын рыногуна дагы минималдык деңгээлдеги төмөнкү баа менен киргизилбесин деген чечим чыккан.
Статистика боюнча ички керектөө жылына жалпы 6 млдр тал (штук) тамеки импорттолуп келет. Бул санды кыскартуу мүмкүн эмес дейт Айдаралиев. Анткени коомдо тамекиге болгон керектөө пайда болуп калган. Тамеки тартып жүргөн адамды “тартпа” деп токтотуу кыйын. Кээ бир гана адамдар тамеки тартып жүрүп таштап койгондор болот. Бирок өтө аз.
2016-жылы 5 млрд 832 млн тал тамеки импорттолуп кирген. Буга 4 млрд 213,7 млн акциз салыгы төлөнгөн;
2015-жылы 3 млрд 662 млн сом акциз салыгы түшкөн;
2014-жылы 2 млрд 856,9 млн акциз салыгы түшкөн;
2012-жылы 1 млрд 093 млн сом импорттоочулар тарабынан акциз салыгы төлөнгөн.
Бир жагынан алганда акциздик салыктын жоорулоосу менен экономикага киреше түшүп жатат.
Негизинен Кыргызстанга Казакстан аркылуу жана Орусиядан импорттолуп келет. Республика боюнча бир гана тамеки чыгарган ишкана бар. Ал ишканада көлөм өтө аз.
Түштүк тарапта тамекинин жалбырагын өстүргөндөр бар. Алар тамекинин жалбырагын кургатып, Орусияга экспорттошот. Бирок Орусия андан тамеки катары эмес медициналык жана аскердик каражат катары колдонушааарын Экономика министрлигинин салык саясат башкармалыгынын башчысы Кубан Айдаралиев билдирди.
Бүнкү күндө дүкөндөгү тамекилердин баасы:
F Полет – 40 сом;
West – 47 сом;
BOND – 47 сом;
L.D – 47–50 сом;
L.M – 50 сом;
Winston – 54–59 сом;
MarLboro – 62 сом;
CAMEL – 70 сом;
KENT- 72 сом;
Mevius – 75 сом;
Esse – 76 сом;
PARLAMENT – 85 сом;
SOBRANI –180 сом.
Жогоруда көрсөтүлгөн баалар деле оңой эмес. Эми дагы тамекиге болгон баа жогоруласа тамеки тарткандардын чөнтөгүнө бир топ эле күч келет.
Бишкек шаарынын тургуну Алмаз Кемелов Winston тамекисин тартат. Аталган тамеки учурда 54–59 сомдун тегерегинде турат. Алмаз күнүнө бир пачка тамекини тартып бүтөт. Орточо эсеп менен бир айда 1650 сомду тамекиге коротот.
Алмаздын 23 жылда тамекиге короткон акчасын эсептеп көрсөк 455 миң 400 жүз сомду түздү. Жалпысынан алганда жарым миллиондун тегерегинде болууда.
Жогоруда айтылган тамекиге болгон баанын көтөрүлүүсү 2018-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
Наргиза Өмүрбек кызы