Кетменин ийнине арта салып, таң эрте менен же болбосо түнү бою сугат сугарган көрүнүш ар бирибизге жат болбосо керек. Жаз алды менен бир нече чакырымга созулган суу агып өтүүчү каналдарды, арыктарды тазалоого ар бир элеттик жаран кол кабыш кылган.
Кара күч жана тынымсыз эмгекти талап кылган бул иш-аракет өз миссиясын аткарып бүттү. Эшикте технологиянын, инновациянын кылымы. Айтор тамчы сугат системасы – учурдун кечиктирбей аткарчу талабы болуп турат.
Мурда сиз гектарлаган жер аянтын бир нече күн бою, ал тургай бир апта бою сугарсаңыз, тамчы сугаттын “шарапаты” менен бир эле кнопканы басып коюу менен үйдө олтуруп эле учу-кыйырына көз жетпеген талаадагы ар бир түп көчөткө бирдей өлчөмдөгү сууну жеткире аласыз.
Кыргызстанга тамчы сугат системасы 2003-жылдарда эле келгени менен, анын артыкчылыгына дароо эле ынанган эмес. 10 жылдап араң адамдардын аң-сезимине орноп, акырындык менен бул система жайыла баштады. Өзгөчө чет элдик каржы мекемелери каржылаган компаниялардын долбоорлорунун үгүтү менен Кыргызстандын белгилүү бир аймактарында кеңири жайылган.
Белгилүү коомдук жана саясий ишмер Өмүрбек Абдрахманов үч жылдан бери интенсивдүү бак-дарактарын тигип багбанчылык менен алектенип келет. Жалпы аянты 25 гектар жерге алма көчөттөрүн тигип, алардын баарын тамчы сугат ыкмасы менен сугарат.
Кыргызстанда тамчы сугат идеологиясын жайылтууга жан үрөп келе жаткан айыл чарба инженери Манас Саматов салттуу болуп келген жөөк, жайпап, жамгырлатып сугарган ыкма эскиргенин белгилейт.
Ар бир үй-бүлөнүн киреше булагы жер иштетүү болушу керектигин белгилеген инженер тамчы сугат системасына сарптала турган каражаттан «коркпош» керек экенин кошумчалады.
Тамчы сугат системасы орнотуунун наркы система коюла турган жердин узуну, туурасына, өсүмдүктүн түрүнө жана отургузуу схемасына жараша болот. Адистердин эсептөөсүнө ылайык, 1 гектар жерди тамчылатып сугаруу үчүн керектелүүчү жабдыктардын наркы болжол менен 100 миң сомго чейин. Дыйкандар бул баа кымбат дегени менен, адистер эгерде дыйкан системаны туура пайдаланса, кеткен чыгымды бир жылда эле актап алат дешет.
Кыргызстандагы туруктуу энергия каржылоо программасы (Kyrseff) дыйкан-фермерлерге, агро-ишкерлерге тамчы сугат системасын өздөштүрүүгө насыя берип келет.
Уюмдун өкүлү Бакыт Аскарбеков насыя алган ишкерлерди атайын адистер ар дайым коштоп жүрөрүн, ал ортодо креектүү билим, тажрыйбалар менен бөлүшөрүн белгиледи.
Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1 млн. гектардан ашык сугат жер бар. Ал эми тамчылатып сугаруу системасына кошулган жерлердин аянты 2 миң гектардан ашуун. Сугаруунун бул ыкмасын пайдаланган чарбакерлердин саны миңге чукул.
Тамчы сугат деген эмне?
Агрономдордун эсеби боюнча 1 гектар жерди тамчы сугат системасынын жардамы менен сугаруу үчүн 10 миң тонна суу кетет.
Суу өсүмдүктүн тамырына гана баргандыктан, отоо чөптөр да суу “ой-келди” барбаган үчүн куурап жок болот.
Артыкчылыгы
Сугаруунун башка ыкмаларына карата өзгөчөлүгү:
Сууну 3 эседен 10 эсеге чейин үнөмдөйт;
Түшүмдүүлүк 30 пайызга чейин жогорулат;
Мөмө бактары, жашылча-жемиштердин, дегеле айыл чарба азыктары 10–20 күнгө дейре эрте бышат;
Сугат учурунда топурактын жуулуп кетишине жол бербейт;
Сугат жарым-жартылай автоматташтырылуу менен сугатчынын кол эмгегин азайтып, убактысын үнөмдөйт.
Назгүл Бостонбаева