Аны алмаштырууга болбойт:
–сугат суусу тартыш жерде;
–түз эмес жерлерде;
–сугат суусу насостун жардамы менен берилсе;
–сууну жакшы сиңирген жерлерде (таштак, кумдак, шагылдуу жерлер);
–жашылчалар үчүн күнөсканаларда.
Тамчылатып сугаруу иштөөдө
Дал ушундай системаны Жалал-Абад облусунун Биринчи май жана Ак-Коргон айыл аймактары колдонуп келишет, алардын 15 гектар багы бар. Сугат суунун жетишсиздигинен бактар куурап баштаган, бирок бул жерде багбанчылык кылуу үчүн бардык шарттар бар. Дыйкандар быйыл тамчылатып сугаруу жолу менен бул маселени чечишкен.
Бирок алгач дыйкандар кооперативдерге биригиши керек болчу. Ага 6–7 үй-бүлө кирсе болот жана алардын ар бири кооперативге эмне максат менен келгенин билет жана иштерин так аткарышат.
“Учурда мөмөнү Орусияга ташууда өстүрулгөн алмалардын көлөмү канча экенин сурап жатышат. Балким бак отургузууда башка дыйкандар бул мүчүлүштүктү кетиришпейт деген максатта айтып жатам”,-деди кооперативдин мүчөсү Пазимдин Ташболотов.
“Алма көчөттөрү көз кубантат! Ал эми жерге болсо дарбыз, коон эгилген жана түшүм берет деп үмүт кылып жатабыз. Биз бул нерсени өзүбүз ойлоп таап, эксперимент кылып көрөлү дедик. Жемиштерди алмалардын арасына тигип көрдүк. Түтүктөр аркылуу бактар дагы жемиштер дагы сугарылат. Күн ысык болгону менен суу жетиштүү болсо түшүм мол болот!”-деди Мамадалы Шайдылдаев.
Баары кантип башталган?
Сугаруу системасы үчүн жабдуулар донорлордун каражатына сынак аркылуу алынган. Катышуучулардан түтүктөрдү жергиликтүү «Агроэкосервис Ала-Бука» кооперативинен алуу талабы коюлган. Пластик түтүктөр арзан болгондуктан тамчылатып сугаруу жергиликтүү дыйкандар үчүн жеткиликтүү болуп калды. .
Кооператив мүчөлөрүн тамчылатып сугарууга окутууну чет элдик эксперттер Альваро Марко жана Нараян Дака жүргүзгөн.
“Бирөө келип биздин жашоону оңдойт деп алакан жайып отура берүү болбойт, жергиликтүү коомчулуктар жеке каражаттарын колдонуу үчүн бериши керек”,-дейт райондук администрациянын башчысы Сонунбек Акпаралиев.
Учурда кооператив мүчөлөрү суткалык суу берүүнү жолго салуу үчүн бассейндерди курушкан, ал жактан насос аркылуу суу сордуруп алынат. Бул абдан манилүү, себеби дыйкандар дайыма эле сугат суусуна ээ болобой калышы мүмкүн. Жаңы сугаруунун негизги элементтери төмөнкүлөр:
-
- Бак-резервуар
- Сууну ачып жабуучу кран
- Сууну тазалоочу фильтр
- Магистралдык түтүк
- Бөлүштүрүүчү түтүк
- Сугат түтүктөрү
- Тамчылатмалар
- Өсүмдүк
“Биздин кооперативде помидор эгилген 1 гектар жер бар, биз келечекте ал талааны тамчылатып сугарууга өткөргөнү жатабыз. Бизге коноктор көп келишет, ар кайсы айылдан дыйкандар келишип, тамчылатып сугаруу боюнча кеңеш сурашат”,-деди «1-МайАгроэкосервис» кооперативинин жетекчиси Мамадаш Жарашев.
Тамчылатып сугаруунун пайдалуу жактары тууралуу Жалал-Абад облусунун Айылдык кеңеш берүү кызматынын кызматкерлери айтып беришти. Бул түшүмдүн эрте бышуусуна жана мол болуусуна мүмкүнчүлүк берет. Отоо чөптөрдүн пайда болуусун, топурактын бузулуусун алдын алат жана сууну 3–10 эсеге үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.Суунун тегиз бөлүштүрүлүүсү; түшүмдүүлүктүн 20–30% жогору болуусу; 10–20 күнгө эрте бышуу; суу менен бирге эле жер семирткичтерди берүү, кол жумушунун азайюусу, электр энергиясын үнөмдөө (эгерде электр насосу колдонулса).
Мындай сугаруу алма, алмурут, карагат, алча, кулпунай, малина, жүзүм, жашылчалар үчүн абдан жакшы натыйжа берет. Ал эми кадимкидей сугарылган же жаан сымал чачыратып сугарылган жерлерди тамчылатып сугарууга болбойт. Бул тууралуу “Окутуу, кеңеш берүү жана инновация” коомдук фондунун адиси, техникалык илимдердин кандидаты Паязидин Жоошов билдирди.
“тамчылатып сугаруу системасынын баалары талаанын аянтына жана өсүмдүктүн отургузулганына байланыштуу болот. Мисалы, 1 гектар бак үчүн система сатып алуу 30–50 миң сомдун тегерегинде каражатты талап кылат, ал эми жашылчалар үчүн 1 гектарга 80–100 миң сомго жакын каражат керектелет. Эгерде дыйкан системаны жакшы колдонсо чыгымдар бир жылда эле акталат”
Ирина Байрамукова