Талас облусунун Шекер айылында «Чыңгыз-Ордо» маданий комплексинин курулушун баштоо каралууда, аны Ч.Айтматовдун 100 жылдыгына карата жыйынтыктоо белгиленген. Бул тууралуу 7-февралда өткөн Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги кеңешмесинде айтылды.
Премьер-министр Сапар Исаковдун айтымында, учурда архитекторлор арасында аталган комплекстин концепциясын жакшыртууга сынак жарыялоо тапшырылды.
«Биз юбилейлик иш-чараларды ишке ашыруунун активдүү фазасына кирүүдөбүз, буга байланыштуу бардык чараларды ыкчам тартипте кабыл алуу зарыл. Буга катар белгилүү жазуучунун чыгармачылыгын өлкө ичинде жана анын аймагынан сырткары жайылтуу боюнча иш-чараларын ишке ашырууну баштоо зарыл», – деп белгиледи Сапар Исаков.
Кеңешменин соңунда Премьер-министр айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен юбилейлик иш-чаралардын Планын актуалдаштырууну тапшырды.