• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Талас облусунда «Региондорду өнүктүрүү» жылынын алкагында көчөлөр жарыктандырылууда

image001-1

👁 1,017

Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында көчөлөр жарыктандырылып, спорт аянтчалары жана ооруканалар ачылууда.

–Таластагы базардын айланасына тосмолор, жол чырактар орнотулууда. Тактап айтканда, Талас шаарындагы борбордук базар жайгашкан А.Курманалиев көчөсү менен И.Сарыгулов көчөсүнүн кесилишинде тосмо коюлду. Тосмонун жалпы узундугу 750 метр.

Мындан тышкары 18 даана жол чырак коюлду. Жалпы 1 млн сом жумшалды. Муну менен унаа тыгындардан жана жайма базардан арылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

–Бакай-Ата районундагы Оро айыл өкмөтүнүн айылдарындагы көчөлөргө түнкү чырактар коюлду. 1-Май жана Жоон-Коргон, Кыргызстан айылдарынын бардык көчөлөрү 2 млн сомго жарыктандырылууда. Кыргызстан айыл аймагындагы ички көчөлөрдүн бардыгы тегизделип кум-шагыл төшөлүп жатат. Айылдарда мындан тышкары таза суу тартылып жатат. Кыргызстан айыл аймагында 1800 метр жерде, Жоон-Коргон айылында 1450 метр жерге суу түтүктөрү тартылат. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 525 миң сом бөлүнгөн.
–Ушул эле айылдагы 150 балага ылайыкталып курулган Тойчубек уулу Жанадил атындагы орто мектепте 3 мөөнөт 656 окуучу окуууга аргасыз. Аларга кошумча 2 класс ачуу үчүн 1 млн 200 миң сом каралып, курулуш иштери башталуу алдында турат.
–Ошондой эле Май айылында дагы 1,8 млн сомго курулган кичи футбол аянтчасы ачылды. Кичи футбол аянтчасынын курулушуна жалпы 1 млн 800 миң сом жумшалды. Анын 300 миң сому бюджеттен, демөөрчүлөр тарабынан берилсе, калган 1,5 млн сомду Манас районунун тургуну Дамирбек Курманалиев берген.

–Бакай-Ата айылында дагы 3 млн сомго курулган кичи футбол аянтчасы ачылды.

Үстүбүздөгү жылдын 12-майында Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылында кичи футбол аянтчасы ачылды. 2016-жылы айыл аймактын бюджетинен 275 миң сом бөлүнгөн. Курулуштун жалпы сметалык баасы 3 млн сомду түзүп, акчанын 50%ы элдик салым болсо, 50%ы Талас облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган.

–Таластын Кыргызстан айылындагы төрөтканага жабдыктар алынды.

Манас районунун Кыргызстан айылындагы оорукананын төрөт бөлүмүнө жабдыктар алынды. Райондун борборундагы ооруканадан алыс болгондуктан айылда төрөткана бөлүмү бар. Оорукана 6–7 айылдын элин тейлейт. Ошол төрөтканада 2 эле керебет болгон. Айылдык кеңештин депутаттары демөөрчү болуп, 20 миң сомго 4 керебет, жаздык жана бир нече жабдыктарды тапшырышкан.

Кара-Буура районунун Аманбаев айылындагы оорукананын жаңы имаратынын курулушу аяктоодо. 2015-жылдан бери жаңы имарат курулууда. Курулуш ишинин жалпы сметалык баасы 65 млн сом. Бүгүнкү күндө 54 млн сому иштетилди. 2-кабаты стационар болуп, төрөт бөлүмү жайгашат. Алдыңкы кабатында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу орун алат. Бул оорукана 6–7 айылдын элин тейлейт. Учурда курулуштун 90% аяктады.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости