• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Талас облусу: Төө буурчактын баасы төмөндөп кетти

11

👁 992

«Экономика» гезити аймактардагы аткарылып жаткан иштерди ар квартал сайын окурмандарга жеткирип келет. Бул ирээт Талас облусуна токтолобуз.

Ар бир аймактын өзүнө тиешелүү бренди болот. Ал эми Талас облусунун бренди төө бурчак болуп саналат.

Төө буурчак:

Быйыл төө буурчактын баасы төмөндөп кеткенин жергиликтүү дыйкандар облус жетекчилиги менен болгон жолугушуусунда айтышкан.

Таластык дыйкандардын төө буурчактарынын баасы кытайларга көз каранды.

Талас облусунда төө буурчак сатып алуучу 24 ишкана бар. Дыйкандар жазга карата баасы жогорулайт деп төө буурчакты сактап олтурушат. Бирок жаңы жылдан кийин төө буурчактын баасы ылдыйлап кеткен.

Ушул жылдын 19-апрель күнү төө буурчактын баасынын арзандашынын себептерин билүү максатында Талас областындагы төө буурчак алып жаткан ишканалардын өкүлдөрү чакырылып, негизги себептери айтылган.

Бул фирмалар дагы экспортко өткөргөндө баалары төмөн болуп жатканын айтышты. Ак төө буурчак (лопатка) 43–45 сом болсо, өңдүү төө буурчактар (скороспелка, кызыл чаар) 75 сомдон болууда.

Төө буурчак алуучу фирмалардын өкүлдөрүнүн айтымында, жаңы жылдан кийин эле аларга буйрутмалар токтой баштады. Себеби Кытай дагы төө буурчак өндүрүп, Грузия мамлекетине Кыргызстандыкынан кыйла төмөн баада сатууда.

Төө буурчактын баалары дүйнөдөгү төө буурчак өндүргөн мамлекеттердин түшүмдүүлүгүнө көз каранды. Египет, Кытай, Аргентина, Өзбекстан, Кыргызстандан өндүрүлгөн төө буурчактын баасы Кытайдыкына жараша болот. Кытайда түшүмдүүлүк жогору болсо бизде баа төмөнүрөөк болуп калат. Иран мамлекетиндеги өнөктөштөр менен байланышсак алар доллардын курсу 48–50% өсүп кеткенин айтышууда. Ошол себептен доллар менен импорт кабыл алган аларга пайдалуу эмес. Бүгүнкү күндө кызыл өңдүү төө буурчак (скороспелка) 72–75 сомдон алынууда. Кызыл чаар төө буурчакты жылдын башында 90 сомдон алса, азыр баасы 65 сомго түшкөн.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости