“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКсы Талас облусунун үч жогорку чыңалуудагы көмөк чордондорунда трансформатордук кубаттуулук күчөтүлөрүн билдирди.
«Талас», «Кировка» жана «Победа» көмөк чордондорунда кубаттуулук күчөтүлүп, 7 көмөк чордондо жабдуулар алмаштырылат.
220кВ кубаттуулуктагы «Семетей» көмөк чордонунда кубаттуулугу 225 МБА болгон автотрансформатор орнотулууда.
Жалпы эле Талас облусу боюнча бардык көмөк чордондордо капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, «Чат Базар», «Таласс», «Кировка», «Победа» көмөк чордондорунун кубаттуулугу мурун 110÷35÷10 кВ, ал эми «Кең Кол», «Покровка» жана «Кара Арча» көмөк чордондорунун кубаттуулугу 110⁄10 кВ болчу.
Эми таластыктарга электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет.