• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Талант Солтобеков: Кыргызстанда каралбай калган жерлерге жер жемиштерди өстүрсө болот

talant-soltobekov

👁 2,229

Кыргыздандын көпчүлүк жерлеринен эч нерсе өспөгөн, какыраган боз талааларды, саздак, таштак жерлерди көрүүгө болот. Ал жерлер мамлекеттин эсебинде болгондуктан, каралбай калган.

Бирок, ошондой эч нерсе өспөгөн жерлерди да гүлдөтүп, жер жемиш өстүрүп, пайдаланып, киреше тапса болот дейт ЛАРК партнердук тутумунун укуктук эксперти Талант СОЛТОБЕКОВ. Эксперттин айтымында мындай эч нерсе өспөгөн жерлерден миллиондогон каражат тапса болот. “ЭКОНОМИКА” аны кандай жол менен тапса боло турганын билди.

- Талант мырза, эч нерсе өспөгөн таштак, саздак жерлерден кантип түшүм алса боло турганын айтып берсеңиз?

- Кыргызстанда аз түшүмдүү жерлер абдан көп. Мисалы, бир гектардан 0,8 центнерден түшүм бере турган жерлер аз түшүм берчү жер деп саналат. Андай жерге бир гектарга бир уй да багылбайт. Булар таштак, эч нерсе өспөгөн, саздак, суу жок жерлер. Тилекке каршы учурда мындай жерлер канча экени тууралуу так маалымат жок. Бирок Союздун учурунда ушундай аз түшүмдүү жерлерди санакка алып коюшкан. Союздун эң акыркы маалыматын карасак Кыргызстанда 500 миң (жарым миллион) гектар аз түшүмдүү жерлер бар. Бүгүнкү күндө аз түшүмдүү жерлерди өздөштүрүүгө болбойт деп тыюу салып койгон. Анткени алардын көпчүлүгү юридикалык жактан жайыттардын катарына кирип кеткен. Ал эми андай кароосуз жерлерди өздөштүрө турган болсок айыл жерлерине да, мамлекетке да чоң пайда алып келет. Мисалы, жөнөкөй эле Баткендин бир айыл өкмөтүнөн бир фермерди ала турган болсок, эгерде ал фермер бир гектар жерди өздөштүрүп алма тиксе, жети жылдан кийин алма толук түшүм берет.

Бир гектар жерден алган түшүм 800 миңден бир миллионго чейин пайда алып келе турган шарты бар. Ушундай 500 миң гектар жерлердин бир эле пайызын өздөштүргөн болсо, ошол бир гектар жер 500 гектар жер болот. Анда Кыргызстанга 5 миллиард сом киреше түшмөк. Бүгүнкү күндө эксперттик потенциялды өнүктүрүүбүз керек. Биз Бажы Биримдигине кирдик. Биз бул Биримдикке кирген өлкөлөргө продукциябызды сатабыз деп жатабыз. Эгер аларга жер-жемиштерди сата турган болсок бизде алар сураган көлөм жок. Анткени алар кызыктырган деңгээлде сатуу үчүн чоң көлөмдөгү сапаттуу жер жемиш керек. Ал эми сапатты камсыз кылуу үчүн адегенде санды да көбөйтүш керек. Ошону ишке ашырыш үчүн жер жемиштерди өстүрүү чоң потенциялы бар. Аз түшүмдүү жерлерге ушундай жер жемиштерди өстүрө турган болсок, айыл чарба продукциясын экспорттогонго чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Бүгүнкү күндө ошондой каралбаган жерлер жайыт катары бир гектарга 12 сомдон салык төлөнөт. Эгерде мындай жерлерге жер-жемиш багын тигип, түшүм берчү жерге айлантсак анда гектарына 250 сомдон салык төлөнөт. Ушундай каралбаган 10 же 100 гектарды иштетсе салыктан эле 2500 — 25 000 сом айыл өкмөткө түшүп жатат. Мунун экология жагына да көп пайдасы бар. Анткени аз түшүмдүүлүк жерлерге жемиш бактар отургузулгандан кийин алардын астына чөп да өсүп, жердин кыртышы да оңолот. Мисалы, суунун боюндагы суу жеп кетип жаткан жерлердин топурагын чыңдоо максатында бактарды отургузган пайдалуу.

- Аз тушум берилчү жерге жемиш бактарын кантип, кандай ыкма менен өстүрөсүздөр? Ал жерге жер жемиштер кантип өсөт?

- Мындан он жыл мурун агротехникалык техникалар жок болчу. Бүгүнкү күндө андай техникалар пайда болду. Бак дарактарды тамчылатып сугарса болот. Таштак жерлерди өздөштргөндө ал жердеги таштарды терүүнүн да кажети жок. Анткени алма бактарды тигүү үчүн жерди 60 см диаметрге казып, ал жерге кара топурак салып, бакты отургузса болот. Ошол кара топурак жемиш бакты өзү эле багып чоңойтот. Азыр биздин фермелер органикалык жер семирткичтерди да колдонууну билип калышты. Ушундай ыкма менен толук кандуу ишке ашырса болот. Мындай жерди өздөштүрүү үчүн ошол жакта эмгектенген дыйкан фермердин укугун коргоо керек. Ошол эле учурда аз түшүм берчү жерлерди жөн эле иштетпей, алып кетпеш керектигин да камсыз кылыш керек.

Ушул эки балансты сактоо максатында мелиорация боюнча атайын мыйзам иштеп жатабыз. Мыйзамсыз жерлерди алып койбошу үчүн, ошол жерлерди берип жатканда мамлекет жана өз ара башкаруу органдарынын дагы жоопкерчилигин жогорулатуу максатында мыйзамга толуктоолорду киргизип жатабыз. Ошол жерди өздөштүрө турган фермер ал жерди менчикке дароо ала албайт. Мыйзам ага жол бербейт. Адегенде ал жерди фермер беш жылдан кем эмес жылга ижарага алып, ошол беш жылдан кийин аны өздөштүрүп, гүлдөтүп, айыл чарба айлампасына кошсо гана ошол жерлер жеке менчикке берилгенге мүмкүнчүлүк түзүлөт. Дагы бир жагдай, биз сунуштап жаткан мыйзамдын талаптарына ылайык азыр жерди өздөштүрүү үчүн жөн эле арыз жазып, мен жерди өздөштүрөм деп алганга болбойт.

Ошол жерди өздөштүрөм деген фермер өздөштүрүү планын иштеп чыгыш керек. Кандай агротехникалык ишчараларды ишке ашырат, канча каражат инвестиция кылат, кандай пайда табат, аны жакшыртуу, кароо боюнча иш чаралар жүргүзүлөт. Ушунун баарын камтыган документ болушу керек. Ошол документи мыйзамга туура келеби карап туруп гана жерлер өздөштүрүүгө берилет. Мамлекеттик жана өз ара башкаруу органдары ошол жер ижарага берилгенден кийин канчалык этапта ишке ашып жатканын жыл сайын текшерип карап туруш керек. Бул жерди жөн эле берип коюп, беш жылдан кийин өздөштүрдүбү жокпу дебей аларга милдеттендирип коет. Дагы бир жагдайы мындай жерлердин баары өздөштүрүүгө бериле бербеш керек. Анткени, ошондой жерлерде эндемикалык жаныбарлар, айбанаттар жашашы мүмкүн, же ошол жерде гана кээде гана кездешчү өсүмдүктөр болушу мүмкүн. Эгер ошондой жерлер болсо анда алар берилбейт.

- Кыргызстанда жер-жемиш өспөгөн, климаты оор жерлер бар да, аларды кантип өздөштүрсө болот?

- Чындыгында бийик тоолуу, жер-жемиш өспөгөн аз түшүмдүү жерлерге деле айыл чарба катары көп жылдык бак дарактарды өстүрсө болот. Мисалы, бат өсүүчү теректин сорттору, кедр жыгачтары бар. Быйыл жазында Кыргызстанда абдан кайгылуу окуя болду. Жер көчкү болуп, бир топ адам өмүрү кыйылды. Бак дарактардын жер көчкүнү токтотуучу жагы да бар. Мурда ошол жер көчкү боло турган жерлерде майда караган-бадалдар көп болчу экен. Алардын тамыры абдан терең болгондуктан жерди кармап, эрозияга алып барбай, жер көчкү болтурбай турчу экен. Союз учурунда жайытты кеңейтуу максатында караган, бадалдын баарын кыйып жок кылып жайытка айланткан. Союз тарагандан кийин биздин мал бийик тоолуу жайыттарга чыкпай, айылдын тегерегине туруп алгандыктан айылга жакын жерлер эрозияга учурап, жер көчкүлөр жүрө баштады.

Жер көчкү коркунучу бар деген жерлерге бак дарак отургузуу менен анын алдын алууга болот. Ошол эле учурда караган бадал тигип, экономикалык пайда албай калабыз деп да коркпош керек. Дүйнөлүк практиканы карасак ошондой жерлерге жүзүмдөрдү, фисташканын бактарын отургузуп жатышат. Ошонун негизинде ал жакта жашагандарга малдан тышкары киреше булагын түзүп, ошол эле учурда жер көчкүнү да алдын алса болот.

- Жолдун жээгине тигилген бак дарактар да кыйылып жатат, анын ордуна башкасын отургузса болот да…

- Мелиорация жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп жатабыз деп айттым го, мелорация бул жерди жакшыртуу болуп саналат. Жерди эрозияга учуратпай, шамал менен жердеги пайдалуу топурактарды учуруп кетирбестен ошолорду сактоо максатында токой агро мелиорациясы ишке ашырылат. Токой агро мелиорациясына жолдун жээгине, чоң участоктун тегерегине атайын бактар тигилиши керек. Ал бактар тигиле турган болсо карды, баалуу топурактарды шамал учуруп кетпей, ал жерге микроклимат түзүлүп, жер жакшы сакталып, жакшы сапатта болуп туруусун камсыз кылат. Тилекке каршы ушунай бактардын көбү кыйылып кетти. Мунун дагы бир себеби ошол бактардын менчик ээси ким экени да белгисиз болуп калган. Ушуну жандандыруу максатында мыйзам долбоорунда карап жатабыз. Эл аралык долбоорлор, бизнес тарабынан да ушундай жол менен өздөштүрөбүз, кредит катары жардам беребиз деген мекемелер бар. Мисалы, Казакстанды карасак алар былтыр Жамбыл облусунда 1500 гектарга алма бак отургузулуптур. Биз алардан артта калып калышыбыз мүмкүн.

Эгер тиешелүү көлөмдө, тиешелүү мөөнөттө алар сураган жер жемиштерди камсыздандыра албай турган болсок анда продукцияны башка жакка сата албай калабыз. Тескерисинче алар бизге алып келип сатып, рентабелдүү жагы ылдый болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан муну эртерек колго алышыбыз керек. Мындай жерлерди өздөштүрүүгө боло турган мыйзамдарды кабыл алгандан кийин интенсивдүү катышууга чакырабыз. Мындай жерлерди өздөштүрүү талыкпаган эмгекти талап кылат. Талыкпаган эмгектин артынан гана таштак, саздак жерлерди гүлдөтсө болот.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости