Үстүбүздөгү жыл президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Бул жарлык ар бир облус, ар бир райондо кандай ишке ашат?
“Экономика” гезити аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ар бир облустун потенциалын, алдына койгон планы тууралуу берип турмакчы. Кезектеги коногубуз өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов болду. Облус жетекчиси быйылкы жылы Ош облусунун аймагын өнүктүрүүдө эмнелерге басым жасалып жаткандыгы тууралуу баарлаштык.
-Президент Сооронбай Шарипович быйылкы жылды “Аймактарды өнүктүрүү жылы” – деп жарыялаган, ушул жылы Сиз өз ишиңизди облустун башчысы катары кайсы көйгөйлүү маселеден баштаганы турасыз?
-Аймактар өнүкмөйүнчө өлкө өнүкпөйт. Президентибиз бул жарлыкты өтө зарыл жана керек учурда кабыл алды. Биз да бул жарлыктын алкагында өзүбүздүн иш-чараларды түзүп аны ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Биринчи кезекте райондордун климаттык шарттарына жараша өнүктүрүү боюнча приоритеттүү тармактарды аныктап алдык. Айрыкча экспортко багытталган агро өнөр-жай продукциясын өнүктүрүү, эт, сүт продукцияларынын түрүн, сапатын жана көлөмүн жогорулатуу, жашылча жана мөмө-жемиш продукцияларынын көбөйтүү максатталууда.
Райондорду климаттык өзгөчөлүктөрүн жана жаратылыш ресурстары менен камсыздандырылышын эске алып, төмөнкү багыттар боюнча өнүктүрүү каралган. Алсак Алай жана Чоң-Алай районунда картошка, мал чарбачылыгы жана мал чарбачылыгына байланышкан тармакты, тоо-кен казып алуу секторун өнүктүрүү, Кара-Кулжа районунда мал чарбачылыгы жана мал чарбачылыгына байланышкан тармакты, бал аарычылыгын өнүктүрүү, Ноокат районунда тамеки, картошка өстүрүү жана жашылчаларды кайра иштетүү, Араван районунда текстиль өндүрүшүн өнүктүрүү, жашылча-жемиштердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана кайра иштетүү, Өзгөн районунда көмүр казып алуу, май алынуучу өсүмдүктөрдү өндүрүүнүн жана аларды кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүү, Кара-Суу районунда пахта өстүрүү аянттарын көбөйтүү, пахта өсүмдүгү боюнча кластер түзүү. Башкача айтканда пахтаны кайра иштетүү, жип чыгаруу, кездеме токуу жана даяр продукция чыгаруу боюнча жеңил өнөр жайын өнүктүрүү, дан эгиндеринин жана кылкандуу өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү жогору сортторунун үрөндөрүн алуу бул биздин облустун негизги деген жасалчу жумуштары.
Андан сырткары ирригация системасын өнүктүрүү маанилүү. Мында эски иштетилбей калган каналдарды жаңылоо, жаңы ирригация системаларын көбөйтүү, жаңы жерлерди өздөштүрүү зарыл маселелерден. Андан сырткары аймактардын инфраструктураларын өнүктүрүү, таза суу менен камсыз кылуу, жолдорду оңдоо, транспорт кызматын жогорулатуу, байланыш тармагын өнүктүрүү, айылдарда жарактандырууну көбөйтүү дагы маанилүү жагдай.
Социалдык тармактар боюнча да жасай турган жумуштар арбын. Алсак айылдарда жетишпеген мектеп бала-бакчаларды, саламаттык сактоо имараттарын, спорт залдарды куруу жана кызматтарынын сапатын жогорулатуу боюнча да бир топ жумуштар жасалат.
–Кыргызстанда аймак дегенде эле окшош көйгөйдү көрөбүз: таза суунун жетишсиздиги, жолдордун начардыгы, мектеп, бала-бакчанын жетизсиздиги. Ош облусунда бул көйгөйлөр канчалык деңгээлде?
–Ош облусунда райондук мамлекеттик администрациялар жана өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте айылды өнүктүрүүнүн жолдорун карап чыгып, айылдагы жолдорду оңдоодон, көчөлөрдү жарыктандыруудан, мектеп, бала-бакчаларды барын оңдоп-сырдап, жок жерлерге мүмкүнчүлүккө жараша курууну пландаштырып жатабыз. Мектептер, бүгүнкү күндө окуп турганга жетишээрлик. Ош облусунун аймагында жалпысынан 2017-жылда 258 социалдык объектинин курулушуна жалпы сметалык баасы 2 млрд. 263 млн. 784 миң 200 сом акча каражаты каралган. Бүгүнкү күндө аталган 258 обьектинин ичинен 117 обьектинин курулушу бүткөрүлгөн. Анын ичинен 19 мектеп, 11 балдар бакчасы, 13 суу түтүгү бар. Андан тышкары учурда облус аймагында 62 мектеп, 28 спорт зал, 10 балдар бакчасы, 12 оорукана, 17 суу түтүгү, 24 башка курулуштардын жумуштары жүрүп жатат.
Ал эми бүгүнкү күнгө карата облус аймагындагы 484 калктуу конуштун ичинен 374 калктуу конуш ичүүчү таза суу менен камсыз болгон. Башкача айтканда таза суу менен камсыз болуу облус боюнча 75,9 пайызды түзөт. Облус боюнча 110 айылда суу түтүгү такыр курулган эмес. Калган 24,1 пайыз калкты же 308 миң 529 адамды таза суу менен камсыздоо маселеси курч бойдон калууда. Бул багытта да аракеттер көрүлүп жатат. Буюрса жакынкы аралыктар мамлекеттин каржылык колдоосу жана долбоорлордун алкагында ичүүчү таза суу менен камсыздоо калган айылдарда да улантылат.
–Өлкө башчы буга чейин “Ар бир облустун бренди болуш керек” деп айтканы бар. Ош облусунун кайсы продукциясы , кайсы өндүрүмү бренд боло алат?
-Туура айтасыз. Биздин облустун бренди катары сыртка экспорттоого чоң мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Райондордун климаттык өзгөчөлүктөрүн жана жаратылыш ресурстары эске алып, төмөнкү багыттар боюнча өнүктүрүү каралган. Алсак Алай жана Чоң-Алай районунда картошка, мал чарбачылыгы жана мал чарбачылыгына байланышкан тармакты, тоо-кен казып алу секторун өнүктүрүү, Кара-Кулжа районунда мал чарбачылыгы жана мал чарбачылыгын байланышкан тармакты, бал аарычылыгын өнүктүрүү, Ноокат районунда тамеки, картошка өстүрүү жана жашылчаларды кайра иштетүү, Араванда текстиль өндүрүшүн өнүктүрүү, жашылча-жемиштердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана кайра иштетүү, Өзгөндө көмүр казып алуу, май алынуучу өсүмдүктөрдү өндүрүүнүн жана аларды кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүү, Кара-Суу районунда пахта өстүрүү аянттарын көбөйтүү. Пахта өсүмдүгү боюнча кластер түзүү. Башкача айтканда пахтаны кайра иштетүү, жип чыгаруу, кездеме токуу жана даяр продукция чыгаруу боюнча жеңил өнөр жайын өнүктүрүү, дан эгиндеринин жана кылкандуу өсүмдүктөрдүн түшүмдүү жогору сортторунун үрөндөрүн алуу боюнча пландарды түзүп быйылкы жылга чоң алдыбызга милдеттемелерди коюп жатабыз. 2017-жылы облустун аймагында өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынан 3.5 млн. даанага жакын гүл, мөмө-жемиш жана декоративдик көчөттөр, Россия мамлекетине — 931,5 тонна капуста, Өзбекстанга –149 тонна пияз, Казакстанга – 234283 тонна пияз, сарымсак, капуста, Афганистанга – 1031 тонна пияз, коон-дарбыз жана башка мөмө-жемиштер сыртка экспорттолгон. Быйылкы жылы буюрса бул көрсөткүчтөрдөн да көбүрөөк жашылча өндүрүп экспортко чыгаруу аракетин көрөбүз. Бул багытта алдын ала иш-чаралар түзүлүп жумуштар кетип жатат.
-Өлкөдө, анын ичинде Ош облусунда ички жана тышкы миграция аябай күч алган. Аймактарды өнүктүрүү жылында миграциялык агымдарды азайтуу чаралары каралганбы?
-Жалпы тышкы миграция агымы учурда Ош облусу боюнча 40 миңге жакын адамды түзөт. Албетте бул көрсөткүч чоң болбогону менен ойлоно турган жагдайда. Биз бул багытта эмне жумуштарды жасашыбыз зарыл жана кандай чараларды көрүшүбүз керек? Эң биринчи элет жеринде жаштарды же миграция агымы менен сыртка чыгып бара жаткан жарандарыбызга жумушчу орундарын түзүп берүүнү камсыздообуз керек. Тапкан кирешеси күнүмдүк жашоо турмушуна, чыгымдарына жана бала-чакасын окутуп, кийинтүүгө жетиши зарыл. Колунда бар, ишкана ачып жумушчу орундарын түзүүгө кудурети жеткен азаматтарыбызды инвестиция салууга чакырып жатабыз. Бул багытта жакында Ош облусундагы бардык ишкерлерди чакырып жыйын куруп мүмкүнчүлүгүнө жараша жумушчу орундарын түзүү боюнча сүйлөшөбүз. Андан сырткары элет жериндеги жаштар болобу же ишкерликке кызыккандар болобу алар үчүн биз облустук “ишкерликти колдоо” борборун ачтык. Бул жерде тажрыйбалуу адистер, технологдор менен юристтер жаңыдан жумуш баштап ишкерлик менен алектенүүгө ынтызарларды окутуп, жол көрсөтөт. Мында долбоор жазуу, кыргыз-орус фондунан же банктардан болобу каражат алуудан баштап, пайда көрүүгө чейинки болгон жагдайдын барын окутуп үйрөтөт. Элди бир жумуш менен алек кылбасак, пайда таппаса миграция агымын токтотуу кыйын болуп турат. Бул маселе биздин негизги жумуштарыбыздын сап башында.
-Ош облусунун өнүгүү потенциялы айыл жана мал чарбачылыгы менен тыгыз байланыштуу эмеспи. Облуста айыл чарба азыктарын кайра иштетүү канчалык деңгээлде жолго коюлган?
–Облусубуздун дыйкан-фермерлеринин иштерин жандандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Айыл чарбасын каржылоо” долбоору аркылуу 5–6 жылдан бери арзан баадагы 9–10 пайыздык кредиттерди жана минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылып жатат.
Кичи жана орто бизнесмендерди арзан баадагы 6 пайыздык кредиттер менен камсыз кылууда. Облус боюнча айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү пахта өсүмдүгүн кайра иштетүүчү заводдор, 24 мал союучу цехтер, сүттү кайра иштетүүчү цехтер жана алма ширесин чыгаруучу, мөмө-жемиш жана жашыл-жемиштерди консервалоочу ишканалар иштеп жатат. Ошондой эле мөмө жемиш сактоочу кампалар, логистикалык борборлор райондордо ачылып жатат. Мисалы, Араван районунда А.Анаров айыл өкмөтү 800 тонна, С.Юсуповдо 1000 тонна, Чек-Абад – 1300 тонна, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтү 100 тонна, Азык-Дан 500 тонна, Ноокат району “Золотой плод” ЖЧК, — 400 тонна, “Нукок” – 200 тонна, Зулпуев айыл өкмотү 100 тонна. Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүнөн 10 гектар жер аянты КР Өкмөтүнөн логистикалык борбор куруу үчүн трансформация болуп келди. Чындыгында бул ишканалар жетишээрлик эмес. 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылында ар бир райондордо климаттык шарттарына жана мүмкүнчүлүгүнө жараша өнөр жай жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу тапшырмасы берилди. Бул боюнча иштер жүрүп жатат.
-Аймактарды өнүктүрүүнүн түпкү өзөгү каражатка барып такалат. Үстүбүздөгү жылы жарыяланган жарлыкты аткарууда өлкөбүздүн каржылык, кадрлык потенциялы канчалык деңгээлде?
-Жогоруда белгилегендей Ош облусун 2018-жылы өнүктүрүү боюнча приоритеттүү тармактар катары экспортко багытталган агро өнөр-жай продукциясын өнүктүрүү анын ичинде эт, сүт продукцияларынын түрүн , сапатын жана көлөмүн жогорулатуу, жашылча жана мөмө-жемиш продукцияларынын көбөйтүү, ирригация системин өнүктүрүү, жаңылоо, аймактардын инфраструктураларын, тоо-кен тармагын, социалдык тармакты өнүктүрүү сыяктуу дымактуу пландарды алдыга койгонбуз. Албетте аракет жана талыкпаган эмгек кимди болбосун алдыга сүрөйт. Аракетинен майнап чыгат. Бизде бул жумуштарды аткарууда каржы же башка мүмкүнчүлүктөр болбошу мүмкүн. Бирок бизде мунун баарын жасоого, эрк, күч жана аракет бар. Кадрдык потенциалыбыз деле кудайга шүгүр. Мамлекет тарабынан жыл сайын ири өлчөмдө каражаттар төмөндө мен белгилеп өткөн тармактарга бөлүнүп эле келе жатат. Башталган жумуштар улантылат. Демөөрчүлөр менен да иштешүү ниетибизде бар. Эми элетти же аймактарды өнүктүрүүнү ал бетте бир жылга байлабашыбыз керек. Муну президентибиз Сооронбай Шарипович да алты жылдык мөөнөтүндөгү эң негизги багыт катары болорун өз сөзүндө айтпадыбы. Биз дагы президентибиздин жарлыгын ишке ашырууга, элибиздин турмуш-шартын жакшыртууга, мамлекетибиздин гүлдөп өнүүгүсүнө өз салымыбызды кошо бермекчибиз.
Назгүл Бостонбаева