–Интернеттин өнүгүүсү менен басылмаларга болгон талап азайды деген пикирлер бар. Практика жүзүндө болсо айрым аймактарда жазылуу жогорулаганын көрсөк болот, бирок мындан ары дагы ушундай тенденция болот дегенден алысмын. Бирок интернет технологиялары басылмаларга чоң атаандаш экенин баарыбыз жакшы билебиз да. Учурда буга карабастан КМШдагы басылмалар менен иштеп келебиз. Жазылгандардын саны 200 000. Бул жакшы көрсөткүч. Ар кандай көйгөйлөргө карабастан биз кирешени сактап калуудабыз, эң башкысы ар бир жазылган адамдарга керектүү маалыматтарды жеткирүүдөбүз.
–Гезиттердин нускалары интернет менен болгон атаандаштыкты көтөрө албай азайып жатат деп ойлойсузбу, себеби аймактарда интернетти чет жактагы туугандары менен байланышуу үчүн колдонушат эмеспи. Алар маалыматтарды дагы интернеттен алышат деп ойлойсузбу?
- Интернет басылмалар ар бир окуяны чагылдырышат, андан кийин аналитика, ал эми терең анализ элдерге кызыксыз болуп калат. Бул жеке менин пикирим. Учурда элдердин убактылары тар. Ондогон интернет басылмаларын карап, андан соң гезит сатып алууга барышпайт. Биз жазылгандарга ыңгайлуу болушу үчүн гезиттерди убагында жеткирип берип турабыз.
- Бул тармакта көптөн бери иштеген адам катары айтсаңыз гезиттердин тиражы канча пайызга түштү? Гезит чыгарууну каалаган көптөгөн адамдар бар экенин билем, бул пайдалуубу же жокпу?
–Мен бир ири басылма менен сүйлөшкөм, алардын тиражы жакшы, акыркы жылда жазылгандардын саны 10–15% жогорулаган.
- Бизде Бишкекте медиа рыногу пайда болду, гезит рыногу болсо Вечерний Бишкектегидей. Рынок жеке уюмдар тарабынан бөлүнгөн дегенге кошуласызбы? Жана эмнеге мурунку басылмалар биримдигинин ишин жандандырса болбойт, себеби Бишкекте 100дөн ашуун күрколөр бар эмеспи. Система иштесе жакшы болмок. Аймактардагы почточулар пенсия берип, жазылгандарга гезит таратуу менен эле алек да?
–Суроо кызыктуу болду. Мен гезиттерди ташыган жана жазылууларды жүргүзгөн ишкананын жетекчиси катары бизде монополия болуусуна кызыкдармын, бирок азыр рынок механизми рынок экономикасы киргизилүүдө. Биз мындай кадамдарга барбай, атаандаштык менен рынокту ээлешибиз керек. Эң башкысы калкка ыңгайлуу болуусу шарт.
–Билишимче учурда рынокту 12 адам ич ара бөлүп алышкан. Бул таза атаандаштык деп санайсызбы?
–Мен бул тууралуу айта албайм, себеби ким эмне менен алек болуп жатканын билбейм. Бирок болжол менен аларда баа канча жана бизде канча экенин билем. Албетте айрым учурларда жеке жактар менен гезиттерди жеткиргендер болот, гезит батыраак жетет, ал эми айрым учурларда биз утушка ээ болобуз. Мисалы алыскы айылдар гезиттерди почта аркылуу алышат.
- Кыргыз почтасы Кыргызстандын бардык аймактарында барбы?
–Албетте100%. 920 мекеме, 871 почта бөлүмү, 1500дөн ашуун почточу бар. Басылмалар даяр болсо алар талыкпай иштөөгө даяр.
- Учурда Кыргыз почтасы банкрот болгондугу тууралуу кептер айтылып келет, буга эмне дейсиз?
–Бул туура эмес маалымат жана чындыкка дал келбейт.
- Мен кептер айтылып жатат дебедимби.
–Кептер айтылып атса маалымат берип коёюн, мына 2013-жылы ушундай мезгил болгон, абал оор болчу. Биз жарым жылдыкты чыгаша менен жапканбыз, бирок жылдыкты киреше менен жаптык. Киреше аз. Өкмөтүн токтомунда Кыргыз почтасын өнүктүрүүчү негизги багыттар жазылган жана бул документте кирешелердин өсүүсү эң аз дегенде 3% болушу керектиги жазылган. Биз 3 жылдан бери муну карманып келебиз жана айрым учурларда ашыгы менен аткаруудабыз.
- Кыргыз почтасы киреше алып келүүгө кандай пландарды койгон? Бардык күчтү жумшап иштесе болот да?
–Албетте. Мен киреше бар болсо демек ишкана чыгашалуу деп эсептелбей турганын дагы бир долу белгилеп кетейин. Бул ушактарга жообум. Эми кирешени кантип көбөйтүү маселеси турат. Биз сиз менен гезиттерден түшкөн каражат тууралуу сүйлөшүп жатабыз. Бул азайууда. Демек биз башка жол табуубуз керек, дал ушундай эле көрүнүш каттарга байланыштуу болууда. Азыр кат алышуу үчүн смс, whatsApp, электрондук почта жана башка каналдар пайда болду жана алар дагы Кыргыз почтасына атаандаштык түзүүдө. Биз кызматтарыбызды идентификация кылышыбыз керек. Учурда пенсионерлер да кете башташты. Учурда жылына 10–15 миң пенсионер кетип жатат. 2013-жылы болсо 30 000 кеткен.
–Интернет банкингдин өнүгүүсү менен силер бул тармакты дагы жоготуп албайсыңарбы?
- Мен ошол тууралуу айтып жатпаймбы. Бирок ага карабастан биз кирешелерди дифференциялап жатабыз, башка кызматтарды көбөйтүп, анын эсебинен пенсионерлердин кеткендеги чыгашасын жаап жатабыз жана мындан ары дагы иштерди жүргүзөбүз. Кандай иштерди? Мисалы, интернет аркылуу электрондук сатып алуулар аркылуу. Учурда элеткрондук коммерция жакшы өнүгүүдө жана биз интернет аркылуу сатып алуулар көбөйүүсү үчүн тиешелүү кадамдарды жасап жатабыз, жакынкы аралыкта Кыргыз почтасынын «postmarket.kg» интернет дүкөнүн ачканы турабыз. Биз ал жактан соода менен гана алек болбостон жаштар үчүн selfie долбоорун даярдоодобуз, кызыктуу болот деп ойлойм. Мындан сырткары сайтта куттуктоолор бөлүмү бар, ал жакта чет жактагы адамдар жакындарына белек жиберишсе болот.
–Кызматтарыңарды ушундай жол менен санариптештиресиңерби?
–Ооба.
–Азыр 2017-жыл, келечекте 3 же 5 жыл өткөн соң Кыргыз почтасын кандай элестетесиз?
- 3 жылдан кийин биз электрондук кызматтарды көбөйтүп, каржылык кызматтардын сапатын жакшыртууну пландап жатабыз, буга жараша акча которуулар дагы көбөйөт. Азыр бул үчүн бардык шарттар бар жана Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоордун үстүнөн иштеп жатабыз.
Бардык кызматтар модернизацияланат жана автоматташтырылат. Бул биринчи кезекте кирешелерди көбөйтүүгө багытталган. Келечекте дагы электрондук коммерцияга басым жасайбыз, себеби электрондук коммерция бул дүйнөлүк тренд.
–Чет өлкөлүк өнөктөштөрдөн тажрыйба алып жатасыздарбы? Почта кызматтарын өнүктүрүүдөгү эң маанилүү нерсе эмне деп ойлойсуз?
–Албетте, бул электрондук коммерция, каржылык кызматтар боюнча дагы Казакстан, Армения өңдүү коңшулардын тажрыйбалары бар. Дайыма почта банк болот деп айтып келишет. Анткени Кыргыз Республикасынын мыйзамдары буга жол берет. Банктар банк кызматтар менен алек болушат, почта кызматы менен эмес. Өкмөттүк деңгээлде почта банк ачуу каралса бул башка иш.
–Кыргыз почтасына эмне альтернатива боло алат? Мен муну жөн жерден сураган жокмун, себеби рынокто күчтүү атаандаш пайда болуп, баардык Мамлекеттик ишканаларды өзүнө каратып алышы мүмкүн да?
- Гезиттерге андай кызыгуу болбосо керек, себеби көпчүлүк үчүн бул рынок кызыктуу эмес. Ал эми каржылык кызматтар жана электрондук коммерцияга келсек, бул жаатта күчтүү атаандаштар азыр эле бар, бирок биз жаңы ыкма киргизип атабыз. Мисалы, Бишкекте электрондук коммерция боюнча 4 борбор ачтык жана бул башка облустарга да жайылтылат, бардык райондордо филиалдар ачылат. Алар интернет сооданы жана албетте кирешени жогорулатууга багытталган.
–Акыркы убакта өлкөдө баарын санариптештирүү иштери активдүү жүрүп жатат, сиздин оюңузча биометрия сиздердин ишиңиздерге кандай жардам бере алат?
–Пайдалуу жактары абдан көп. Пенсия жана жөлөкпулдарды берүүдө коррупция механизмдери бар.
- Силерде пенсионерлердин бирдиктүү базасы барбы?
–Кыргыз почтасы аркылуу кызмат көрсөтүлгөн пенсионерлердин бирдиктүү базасы бар жана ал ийгиликтүү иштеп жатат. Бул коррупция менен күрөшүүдө жакшы курал. Эгерде ал жакка биометриканы киргизип койсок, анда идентификация үчүн да жакшы курал болмок, бирок албетте биринчи мыйзамды өзгөртүү зарыл. Мисалы, бир адам эки жолу пенсия ала албайт. Бул өтө жакшы коррупцияга каршы курал.
- Кыргыз почтасынын жетекчиси катары мыйзамдарга өзгөртүү демилгесин көтөрүп чыксаңыз болот экен да.
–Ооба, даярданып жатабыз. Бул бардык схемаларды ыраатташтырууга байланыштуу болот.
- Мамлекеттик каттоо кызматынан сырткары кайсы мамлекеттик институттар менен кызматташасыңар?
–Социалдык фонд менен, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен, социалдык фонд менен. Биргеликте коррупцияга каршы иштерди жүргүзүп келебиз, автоматташтыруу, уюштуруу иштеринде тыгыз кызматташабыз. Дал ушундай кызматташтык эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен да жүргүзүлөт. Ушул жылы биз бардык пенсионерлерди автоматташтырылган системага киргизип жатабыз. Пенсионерлер АС автоматташтырылган системасы аркылуу пенсия ала алышат. Идентификацияны киргизүүгө аракет кылып келебиз.
- Эми буга чейин сөз болгон почта банк тууралуу суроо. Бизде учурда банктар терминалдарды коюп келишет. Кыргыз почтасы пост терминалдарды коомерциялык банктар жетпеген алыскы райондорго коюуну пландап датабы?
- Бизде почта бөлүмдөрүнө банкоматтарды жана терминалдарды коюуну сунуштап келишет. Эгерде почточуну пост терминал менен камсыз кылып койсок бул кешинг, кэш-аут жана банкомат жана терминал болуп калат. Маяна алып жаткан адам болгондон кийин терминалдарды коюунун эмне кереги бар? Банкомттарды койсок чоң көйгөйлөр пайда болот. Күзөтчү болуш керек, адамдарга колдонууну үйрөтүү керек.
- Буга экономикалык көз караш менен карап жатасызбы?
–Албетте. Бул пайдалуу эмес, себеби эң аз дегенде 13 млн доллар керек. Мындай акчалар жок, ошондуктан муну жасоо азыр пайдасыз.
- Курьерлик кызмат боюнча иштер кандай жүрүп жатат?
–Бизде жеке курьерлер иштейт. Биз такси кызматы аркылуу да иштегибиз келген. Биз “почта такси” уюштурганбыз. Баары жакшы деп айта албайм, бирок пайда болууда. Мындан ары дагы этап менен өнүктүрөбүз. Ташууну аутсорсинг кылсак болот, машина сатып алуунун кереги жок, таксопарктар менен кызматташууну өнүктүрүү керек, ошондо Кыргыз почтасы үчүн жана өнөктөштөр үчүн пайдалуу болот.
- Дайыма жеке өнөктөш болууну карап жатасыздарбы?
–Ооба. Мындан коркуунун кереги жок. Пайдалуу нерселерди аутсорсинг кылуу керек.
- Учурда бул тармакта кимдер менен кызматташасыңар?
–Бул тармакта азырынча эч ким менен кызматташпайбыз, бирок ташууларды конкурстук негизде айдоочулар жүргузүп келишет. Айдоочулар ташуучунун ролунда.
–Муну тендер аркылуу жүргүзөсүңөрбү?
–ооба тендер аркылуу гана. Учурда биз “биз өзгөрүүдөбүз” деген лозунг менен иштеп келебиз, бул биз жакшы жакка өзгөрүп жатабыз дегендик. Айрым иштерди жасадык, жакшы натыйжалар болду, почточуларга, операторлорго мотивация берип жатабыз.
- Канча кызматкер иштейт?
–Болжол менен 4 000 кызматкер бар. Мен так айтпай элемин, анткени айрым учурларда кыскартуулар болот, кээде кызматкерлер жетишпей калат.
- Почточунун орточо айлыгы канча?
–Маяна жогорулап жатат, болжол менен орточо айлык 7000 сом, бирок бул аз. Анткени почточуларыбыз ысык-суукка, жамгырга, карга карабай акчаларды мүшөктөп ташып жүрүшөт, бул алардын жашоосуна кооптуу. Биз коопсуздукту сактайбыз деңизчи, бирок баары бир коркунуч бар. Психологиялык жактан алсак деле күндө почточу болжол менен 100 000 сом таратат ал эми өзү болсо бир айдан кийин 3000 сом алып калган күндөрү болот. Маяна ар кандай, айрым аймактар тоолуу, айрым жерлер жок, кээ бир жерлерде пенсионерлер аз болгондуктан жарым ставкага иштешет кээ бир жерлерде бир жарым ставка. Бирок орточо айлык 7000.
Эң көп маяна болгон күндө дагы психологиялык жактан кыйын, балаң бут кийими жок жүрсө сен карыз аласың, албетте маянанын аздыгынан маселелер жаралат.
–Силерде көбүнчө айымдар иштесе керек. Сиз бул жумушка кандайча келип калгансыз?
–Мен почта тармагына иштеп калам деп эч ойлогон эмесмин. Мен улуттук байланыш агенттигинде иштегем, почталарды карап, лицензия берчүмүн, ал жакта 10 жыл иштедим, андан кийин 4 жыл транспорт жана коммуникация министринин орун басары болуп эмгектендим. Почта тармагын карачумун ошондуктан почта иштери мен үчүн тааныш.
- Учурда кризис менеджер катары иштеп жатасызбы?
–Кризис менеджери болуп дайыма иштей берүү мүмкүн эмес. Кризис менеджер катары биринчи 2 жылда иштедим, азыр өнүгүү жолун тандап алдык жана Кыргызстандын келечеги кең болот деп ишенем.
Бизде учурунда калкты тейлөө борборлору ачылганын да айта кетейин. Тилекке каршы, бул долбоордон кичине алыстап кеттик. Алар чыгашалуу болуп калды жана жаап салдык, биз эмес Мамкаттоо кызмат жапты. Долбоор 4 жыл мурун иштеп баштаган.
Адамдар бирдиктүү терезе принциби менен тейлөөгө ээ болушу керек. Ал форматта болбой калды. Андан кийин долбоор бир аз өзгөртүлгөн, ал адамдар үчүн бир топ ыңгайлуу. Бул бирдиктүү терезе принциби деп айтпайм, бирок биринчи кадамдар жасалды. Справка, документ берүүчү адамдар бир жерде отурушат, ал эми Кыргыз почтасы төлөм кабыл алат. Алынган ссуданын бир бөлүгүн жабууга мүмкүн болду. Сокулукта 6 кызмат көрсөтүү боюнча пилоттук долбоор иштеп жатат. Биз калкка ыңгайлуу шарт түзүүгө аракет кылуудабыз. Бул алыскы аймактарга да тиешелүү, себеби ал жактагы адамдар кандайдыр бир документтерди алуу үчүн борборлорго келишчү. Эгерде Кыргыз почтасында ойлонуп иш жасаса көп көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүн болот. Биз Кыргыз почтасы электрондук өкмөттүн башкы кеңсеси боло алат деп айтып келебиз. “Гибриддик почта” долбоору Таза коомго кирген. Адамдар ар кандай төлөмдөргө эсептерди алышарын билесиз да, биз муну системалаштырганы жатабыз. Биз мунун баарын бир эсепке бириктирип, бир киши эле жеткиргидей кылганы жатабыз. Бул элдер үчүн ыңгайлуу болот жана Кыргыз почтасы да утушка ээ болот.
–Алименттерди Кыргыз почтасы аркылуу төлөшчү эле го?
–Ооба акча которуу системасы менен. Биз мыйзам күчөсө муну андан ары улантабыз. Биз ажырашууларды дагы каттайбыз.
Кыргызстандагы гезит-журналдарга жазылуу бааларынын анализи:
Гезитке жазылуу айына 27,19 сомдон 254,64 сомго чейин.
Журналдарга жазылуу 33,42 сомдон 2988,57 сомго чейин.
Бул жерде ар кандай факторлор эске алынат: гезиттердин канча убакта бир чыгары, айына бир жолубу же 12 жолубу; тираж; базарга чыгуу убактысы; канча бет болуп чыгары; басылмалардын популярдуулугу; таркатуу аймагы.