Бул иш-чараны Соода өнөр-жай палатасынын түштүктөгү департаменти, «BiEXPO» компаниясы, КРнын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Ош шаарынын мэриясы уюштурду. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жакынкы жана ырааккы чыгыш өлкөлөрү менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү ишкердик потенциалды жогорулатарын белгиледи.
Соода өнөр-жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев «Түштүк Экспо-2017» көргөзмөсүнүн алкагында эл аралык компаниялар ортосунда ишкердүүлүк байланыштарды түзүүгө, өз өнүмүн көрсөтүүгө, жаңы өнөктөштөрдү табууга жана рынок тууралуу толук маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгиледи.
Иш-чара башталардан мурун жарнама берилип, ар тармактын адистери чакырылган.
Жарманкенин негизги катышуучулары Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын, Өзбекстандын Андижан, Наманган, Фергана облустарынын, Тажикстандын Согди облусунун ишкерлери болду.
Борбордук Азия өлкөлөрүн географиялык жайгашуу гана байланыштырбастан алардын мурасы бир жана келечекке болгон көз караштары дагы окшош. КРнын Ош облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Борбор Азия өлкөлөрүн өнүктүрүүдөгү көйгөйлөргө өзгөчө көңүл буруп келет. Мындай мамиле тажрыйба менен алмашуу, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана өлкөлөр менен тыгыз байланышта болууда билинип турат.
Борбордук Азия өлкөлөрү көз карандысыздык алган мезгилден тарта аймактык кызыкчылыктарды эмес улуттук кызыкчылыктарды алдыга коюп келишкени жашыруун эмес. Эксперттик бааларга ылайык, тилекке каршы акыркы он жылдыкта аймактык соода айлануу өтө аз болуп калган — 5—7% тегерегинде. Советтер союзу учурундагы бир нукка түшкөн экономикалык байланыштар солгундап калды.
Учурда өлкөлөрдүн экономикалык кызматташтыгына эксперттер төмөнкүлөрдү киргизип келишет:
1)Эл аралык соода
2) Маалыматтык-технологиялык маалымат менен алмашуу
3)Транспорттук кызматтарды көрсөтүү
4)Жумушчу күч менен алмашуу
5) Финансылык насыяларды берүү
6) Инвестициялардын эркин айлануусу
7)Туристтик топтор менен алмашуу
8) Биргелешкен ишканаларды түзүү жана өнүктүрүү (стратегиялык альянстар)
9) салыктык жана административдик реформалар.
“Аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүдө чакан жана орто ишканалар зор мааниге ээ. Ортодогу тоскоолдуктардан өтүп, чакан жана орто бизнес тармагында ишкерлик жана башкаруучулук тажрыйбаны өнүктүрүү керек, бул болсо Борбордук Азиянын рынок экономикасынын рационалдуу өнүгүүсүнө жол ачат”,-деди Марат Шаршекеев
Ишкерлер алыскы аймактардагы чакан жана орто бизнестеги жакшыртуу негизги курал деп келишет. Ишкерлерди бизнес-ассоциация, бизнес-уюм катары иштөөгө үйрөтүү дагы жакшы натыйжа берет. “Учурда биз эмнегедир коңшулар менен жакшы мамиледе болууну унутуп бараткандайбыз.
Жарманке көргөзмө ачык диалогдо негизги маселелердин бири болду, ал Борбордук Азиядагы айыл-чарба өнүмү менен соодалашууну камтып турду. «Түштүк Экспо 2017» жарманкесинин уюштуруучуларын жана катышуучуларын негизинен үч маселе түйшөлтүп келет: айыл-чарба жана соода тармагында саясаттын макулдашуусу, аймакты интеграция үчүн келишимдерди кеңейтүү, жаңы айыл-чарба технологияларын киргизүү үчүн керектүү болгон шарттарды киргизүү. Өкмөт экономиканын өнүгүүсү боюнча улуттук стратегияга ылайык соода саясатын жакшыртуусу зарыл.
Ирина Байрамукова