Жергиликтүү бюджеттин кирешеси жана чыгашасы тууралуу маалымат бул багытта иш алып барган органдарга гана эмес, бюджеттик акчалар кайда, кантип жумшалып жатканын билүүгө укуктуу болгон жарандар үчүн да жеткиликтүү болууга тийиш.
«Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү» КР мыйзамынын жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржылык-экономикалык негиздери жөнүндө» КР мыйзамынын беренелерине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерин кароо жана бекитүү кеңештин ачык сессиялары менен коомдук угууларда ачык жана элдин катышуусунда жүргүзүлөт.
- Коомдук угуулар – калктын жергиликтүү өз алдынча башкаруунү жүзөгө ашыруусунун формасы катары жарандардын бюджеттик маселелерди башкарууга катышуусунун салыштырмалуу бир кыйла жаңы үлгүсү, бирок бул жарандардын Конституцияда каралган коомдук-саясий укуктарын жүзөгө ашыруу жаатында өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди.
Бирок убакыт жана тажрыйба көрсөткөндөй, Кыргыз Республикасында коомдук угуулар кыргызстандыктардын социалдык жашоо турмушуна жакшы «сиңип» калганын көрсөттү, бүгүнкү күнү бул тажрыйба коомчулуктун көпчүлүк тармактарын жайылтылган, ошол эле учурда алардын натыйжалуулугун жакшыртууну чечкендер үчүн көптөгөн сунуштар бар. Аларга көңүл буруп, башкалардын мыкты тажрыйбасын да колдонуу керек, дейт Барпы АӨ башчысы Абсатар Сыргабаев.
Боз-Учук АӨ башчысы, Кыдыр Тыналиев дагы жарандардын бюджеттик процесске катышуусу жана бюджеттин ачыктыгы көрсөткүчтөрү боюнча төмөнкү баалоого кыжаалат болгон.
«Жакшы тажрыйбаларды үйрөнө билип, өз жамаатында колдонуу менен АА ишиндеги кемчиликтерди жоюу маанилүү. Муну экономикалык өнүгүүнүн бир кыйла жогорку көрсөткүчтөрүнө жетүүнүн жолу катары кароого болот», — дейт Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этнос аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев (ЖӨАБЭАММА).
Бул багытта Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Бешик-Жон айыл аймагынын тажрыйбасы көзгө көрүнөөрлүк. Ал боюнча Республикадагы 35 айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңештеринин төрагаларынын жана айыл лидерлеринин жыйынында Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Гүлмайрам Мукамилова маалымат берди. Катчы өздөрүнүн айыл аймагынын өнүгүшү боюнча чечимдерди кабыл алуунун жүрүшүнө калкты тартууну коомдук угуулар аркылуу ишке ашыруунун ийгиликтүү тажрыйбасын айтып берди. Анын айтымында коомдук угуулар төмөндөгүдөй максаттарды көздөгөн:
1) АА жашоочуларына бюджеттин учурдагы абалы, кийинки бюджеттик жылга карата бюджеттик процессти жакшыртуу боюнча көйгөлөр жана аны жакшыртуу чаралары тууралуу маалымат берүү; 2) бекитилген бюджеттин аткарылышы боюнча жергиликтүү жамаатка маалымат берүү; 3) муниципалитетти өнүктүрүүгө багытталган жергиликтүү деңгээлдеги маселелерди биргелешип чечүү боюнча талкуу жүргүзүү жана чараларды кабыл алуу, - дейт Гүлмайрам Мукамилова.
- АА жетекчилиги ушул жылдын аягын күтпөйт – азыркы учурда келээрки 2018-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча угуулар өтүп жатат. Калкты жергиликтүү бюджеттин негизги параметрлери боюнча тааныштыруу максатында жарандык бюджет жеткиликтүү үлгүдө жарыяланат, бул атайын билими жок жарандарга бюджет тууралуу толук маалымат алып, бюджеттик процесске жана жергиликтүү өнүгүү боюнча өз убагында ойлорун билдирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Эгерде Жарандык бюджеттин киреше бөлүгү жөнүндө сөз кылууда, чындап чогултулбай турган салыктардын божомол саны келтирилсе, анда иш жүзүндөгү салыктардан «артка кайра эсептөө» ыкмасы менен салык алынуучу аянтты чыгарып салууга жана муниципалитеттин аймагындагы факт жүзүндөгү аянттарга, мисалы, дүкөн, кийим тигүү цехи, базар ж.б.у.с. менен салыштырууга болот. Алынбай калган кирешелер Жарандык бюджетте чагылдырылат.
Аналог катары «пайдалуу негизде» жашоочуларга жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн өзгөчөлүктөрүн чечмелеп берүүгө болот. Атап айтканда, баарынан жакшысы билим берүүгө жумшалган чыгымдар тууралуу маалымат берүү ыңгайлуу, аны менен катар айылдык мектептин бир окуучусун каржылоонун нормативи жөнүндө сөз кылууга болот, же болбосо коммуналдык тиричилик чарба кызматынын чыгымдары тууралуу айтып берип (мисалы, катуу таштандыларды чыгаруу чыгымдарын), бир кишинин же бир үй-бүлөнүн чыгымын мисал келтирүүгө болот.
Коомдук угууларды уюштуруунун мыдай ыкмасы эмне берет? Бакыт Айткуловдун пикиринде, мына дароо бир нече маселе чечилет:
1) калк бюджеттик процесске жана өнүктүрүү маселелерине жигердүү катышат:
2) калктын жана ЖӨАБ органдарынын салыктык жана салыктык эмес жыйымдарды чогултууну жакшыртуу боюнча жоопкерчилиги жана аракети жогорулайт:
3) АА айрым салык түрлөрү жана салыктык эмес жыйымдар боюнча негизделген жаң чендерин киргизүүгө мүмкүнчүлүк жаралат:
4) каражаттар натыйжалуу жумшалат:
5) жергиликтүү бюджетке болгон басым жеңилдейт:
6) өз айылындагы жашоо сөзсүз жакшырат.
Буга далил катары ал мындай мисал келтирет: Бешик-Жон айыл аймагында 30 соода түйүнү бар, бирок алардын 10 гана салык төлөйт. АА бул маселени коомдук угууда элге алып чыкты. Бирок алгач айыл жашоочуларына жергиликтүү бюджетке чогулган каражаттар кайда багытталганын түшүндүрүү керек: бул социалдык төлөмдөр, муниципалдык мектептерди жана бала бакчаларды, ардагерлерди колдоо ж.б. Андан соң «Салык төлөгүсү келбеген жактардын кары ата-энеси жокпу? Алардын балдары жокпу?», –деп коомдук угуулардын уюштуруучулары бюджеттин чыгаша бөлүгүн коргоп жатып суроо беришкен. Жыйынтыгында баардык 30 соода түйүнү салык төлөп жатат, ошондой эле, АА жашоочуларынын өздөрүнүн колдоосунда жер салыгынын коэффицентин эки эсе жогорулатууга мүмкүн болду: учурда ал 1,6 барабар.
Бешик-Жон АӨ башчысы Алтынбек Адишев, коомдук угууларга төмөндөгүдөй суроолорду алып чыгууга болот деп ишенет:
1) жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу; • муниципалдык менчикти башкаруу (сатуу, ижарага берүү, муниципалдык жерлерди, объекттерди пайдалануу ж.б.);
2) ичүүчү жана сугат суулардын, агынды, жылуулук менен камсыздоо, катуу таштандыларды чогултуу жана ташып кетүү ж.б. боюнча тарифин бекитүү;
3) жергиликтүү жамааттын жашоо тиричилигин камсыздоого байланышкан башка маселелер.
Алтынбек Адишев ошондой эле, кайсыл бир иш-чарадан кийин жергиликтүү бийлик жалпы жамааттын үнүн угаары, анын салымын баалай турганы жана калктын пикирине олуттуу мамиле жасай турганы жөнүндө дагы маалыматтык кампания жүргүзүүнү маанилүү деп эсептейт.
Бүгүнкү күнү көпчүлүк жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомдук угууларды уюштуруучулар бул иш-чараларга анча маани бербей коюу менен стратегиялык ката кетирип жатканы өкүнүчтүү.
Ирина Байрамукова