Бөлүнгөн акча каражаттарынын ичинен:
- социалдык коргоого жумшалган чыгашалардын салыштырма салмагы 22,9 %ды (былтыркыга салыштырмалуу 874 млн сомго көбөйүү менен 9 млрд 647,6 млн сомду) түздү;
- билим берүүгө сарпталган чыгашалардын салыштырма салмагы 16,2 %ды (былтыркыга салыштырмалуу 409,9 млн сомго көбөйүү менен 6 млрд 846,7 млн сомду) түздү;
- саламаттык сактоого жумшалган чыгашалардын салыштырма салмагы 9,5 %ды (былтыркыга салыштырмалуу 608 млн сомго көбөйүү менен 4 млрд 13,3 млн сомду) түздү;
- эс алууга, маданиятка жана динге сарпталган чыгашалардын салыштырма салмагы 1,9 %ды (былтыркыга салыштырмалуу 87,2 млн сомго көбөйүү менен 812,2 млн сомду) түздү;
- жалпы багыттагы мамлекеттик кызматка бөлүнгөн чыгашалардын салыштырма салмагы (мамлекеттик карыздын негизги суммаларын кошкондо) 27,2 %ды (былтыркыга салыштырмалуу 178,8 млн сомго көбөйүү менен 11 млрд 477,7 млн сомду) түздү;
- экономикалык маселелерге жумшалган чыгашалардын салыштырма салмагы 7,7 %ды (былтыркыга салыштырмалуу 541,1 млн сомго көбөйүү менен 3 млрд 251,3 млн сомду) түздү;
- айлана-чөйрөнү коргоого сарпталган чыгашалардын салыштырма салмагы 0,4 %ды (былтыркыга салыштырмалуу 40 млн сомго көбөйүү менен 165,4 млн сомду) түздү;
- турак жай-коммуналдык чарбага жумшалган чыгымдардын салыштырма салмагы 2,3 %ды (өткөн жылдагыга салыштырмалуу 75,1 млн сомго көбөйүү менен 969,3 млн сомду) түздү.