• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Түркмөнстанда жыл башынан бери ширеңке 14 эсеге кымбаттаган

👁 532

Түркмөнстанда жыл башынан бери айрым азык-түлүк түрлөрү менен товарлардын баалары бир нече эсеге жогорулады. Жергиликтүү базарларды кыдырып, калк арасында суроо-талапка ээ товарлардын баалары менен таанышып чыккан.

Дашөгүздө шекер менен ун өтө тартыш, аларды мамлекеттик дүкөндөрдүн текчелеринен дээрлик көрүүгө болбойт. Базардагы баалары болсо мамлекет тарабынан белгиленген баадан бир нече эсеге кымбат.

Алсак, аймактагы соода жайларында шекердин килограммынын орточо баасы 18–20 манатты (расмий курс боюнча 5–6 доллар), күрүчтүкү 13 манат, эттики 30 манатты түзөт. Андан тышкары аймакта жыл башынан бери жер-жемиштер, суусундуктар, өнөр-жай товарлары жана чет өлкөдөн келген азыктар кымбаттаган.
«Дашөгүздө дээрлик ун табууга мүмкүн эмес. Тургундар ун сатып алууга бир ай эрте кезекке жазылып жатышат. Бирок ун дээрлик алып келинбейт. Базарларда буудай жок, жүгөрүнүн килограммы 13 манатка чейин (расмий курс боюнча 4 долларга жакын) кымбаттады. Ун тартыштыгынан улам аймактагы наабайканалардын көбү жабылды».

Өнөр-жай товарларынын ичинен ширеңкенин баасы 14 эсеге жогорулаган. Жыл башында кутучасы 0,5 манаттан сатылып жаткан болсо, азыр анын баасы 7 манатты түзөт.

Түркмөнстандын Борбордук банкынын расмий курсу боюнча, 1 АКШ доллары 3,5 түркмөн манатын түзөт. Өлкөдө накталай акча алмаштырууга тыюу салынган, көмүскө базарда болсо доллардын баасы расмий курстан 8 эсеге жогорулап, 29 манатка чейин жеткен.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости