• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Түркмөнстанда Түркиядан кайтып барган мигранттар кармалууда

👁 664

Чет өлкөлөрдө мөөнөтү өтүп кеткен паспорт менен жүргөн Түркмөнстандын ондогон жараны мекенине кайтып баргандан кийин кармалды.
«Бийлик эски паспорт менен чет өлкөдө жүргөндөр жоопкерчиликке тартылбай турганын билдиргенден кийин, Түркиядан кайтып келген көптөгөн адамдар кармалышты. Мага 20 чакты киши кармалганын билдиришти. Алардын баары эски үлгүдөгү паспорт менен жүрүшкөн. Ызы-чуу жаратпаш үчүн аларга аэропорттон эч ким тийишкен эмес. Баары үйлөрүнө жеткенден кийин кармалышты. Азыр алардын иши тергөөдө».

Акыркы кездери Түркмөнстандын аймактарында атайын чогулуштар өткөрүлүүдө. Анда бийлик өкүлдөрү туугандары чет өлкөдө жүргөн жергиликтүү тургундарга кайрылып, кайтып келсе жоопкерчиликке тартылбай турганын убадалап, аларды мекенине кайтууга көндүрүүгө чакырышууда.

2008-жылы Түркмөнстан чет өлкөлөргө чыгуу үчүн тышкы паспортторду киргизген. Ага чейин өлкө жарандары бирдиктүү улуттук паспорт менен саякаттап жүрүү укугуна ээ болчу. Бирок Түркмөнстандын башка өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрү паспорт бербегендиктен, жарандар бул үчүн мекенине келүүгө аргасыз болуп, көбү эски паспорт менен кала беришкен.
Акыркы кездери Түркмөнстанда жарандарды өлкө сыртына чыгарбоо аракеттери көрүлүүдө. Ашхабаддагы эл аралык аэропортто жарандар эл аралык каттамдарга киргизилбей жаткандыгы тууралуу маалыматтар көп айтылууда. Айрым түркмөнстандыктар бийликтин мындай аракетине ачык эле нааразылыгын айткан учурлар дагы кездешүүдө. Буга чейин каттамга киргизилбеген жарандардын арасында каза болуп калгандары дагы болгон.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости