«Буга чейин жарым литрлик айрандын бөтөлкөсү 1,3 манат болсо, азыр 3,5 манаттан сатылууда. Каймак дагы кымбаттады. Мурда 3 манаттан сатылган 250 миллитрлик каймак азыр 4,5–5 манат болууда», — деди ашхабаддык талдоочу Аманмырат Бугаев.
Өткөн жумада 50% кымбаттаган бензиндин артынан өлкөдө ун, эт жана желим бөтөлкөдөгү суунун баасы дагы орточо 70% жогорулады.
1-февралдан тарта өлкөдө күйүүчү майдын бир литри 1 манаттан 1,5 манатка чейин кымбаттаган.
Түркмөн манатынын мамлекеттик курсу 2015-жылдын январынан бери өзгөрбөстөн, 3,5 манат 1 АКШ долларын түзүп келет.