Түркмөнстан мурда СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн ичинен эң сырдуусу. Ал кандайдыр бир деңгээлде башкаруу формасы боюнча Беларусияга окшош.
Президент Сапармурад Ниязов каза болгондон тарта өлкөнү жаңы лидер башкара баштаган. Ал реформаларды жүргүзөт жана жаңылануу алып келет деп күтүшкөн. Өзбекстанда бийликке Ш. Мирзиёев келери менен революциялык алга жылуулар болуп жатса, Түркмөнстанда расмий булактар берген маалыматта болсо баары тынч. Ал эми бейрасмий булактар башкача фактыларды келтиришүүдө.
Ундан жасалган азыктардын баасы 50% жогорулаганы тууралуу акыркы маалыматтар биздин редакциянын кызыгуусун арттырды. Жаратылыш кендерине бай, мунай, газ, өнөр-жайы өнүккөн өлкөдө кризис болбошу керек эле, бирок…
2017-жылдын декабрь айынан тарта өлкөдө валюта тартыш боло баштаган. Былтыркы жылдын акырында жарандар эсебинен күнүнө 50 доллар гана ала алышса, учурда студенттер түркмөндөрдүн ВИЗА карточкасы боюнча бир дагы доллар ала албай келишет.
Валютанын тартыштыгы баалардын жогорулоосуна алып келди. Эгерде мурда бир манат бир долларга барабар болсо, бүгүн доллардын курсу 12ге чыкты.
Түркмөнстанда студенттер контракттарын төгүш үчүн акча ала албай жатканы тууралуу видео бул жерде:
Дүйнөдөгү бай өлкөнүн жашоочулары өз жашоолоруна каражат табууга аргасыз болушууда.
Жада калча түркмөнстандык аялдар айына бир нече жолу Түркияга нан, колбаса, ышталган балык, ар түрдүү консерваларды ж.б. сатууга аргасыз болушууда. Бул товарлар Түркияга акча тапканы кеткен мекендештерине арналган. Ар бир каттаган сайын айымдар 100 доллар табышат.
Түркмөнстандын жарандары күнү-түнү Стамбулдагы банкоматтарды күзөтүүгө аргасыз болушууда.
Мындай жол менен каражат табуу Түркиядагы өзбектерде жана кыргыздарда жок.
10 күндүк шоуго, “Азиадага” Түркмөнстандын өкмөтү 10 млрд долларга жакын каражат жумшаган. Түркияда иштеген эмгек мигранттары айла жоктон миңдеген чакырымдарды басып нан, колбаса сатууга аргасыз болушууда. Алардын көпчүлүгү жашоо шарттарынын начарлыгынан улам өлкөдөн сырткары жакта жумуш издөөгө аргасыз болуп жатышканын айтышууда. Аялдар Түркияда балдарды, карыларды багып, эркектер курулуш иштеринде иштешүүдө.
Коомчулукта нааразычылык көп болуп, алар калктын жашоо шартынын жакшы жагына өзгөрүүсүн кааларын билдиришүүдө, алар жумуш менен камсыз болуп, соода кылууга коюлган чек жоюлса деген үмүттө.
Бул Кыргызстанга кандай таасир берет? Кандай болгон күндө дагы эки өлкөнүн экономикалык байланышы бар. Кыргыз-кытай темир жолун салуу дагы Түркмөнстанга байланыштуу болот, эгерде түркмөн эмгек мигранттары коңшу Түркияга акча табуу үчүн барышкан соң, айрымдары КМШ өлкөлөрүнө келери дагы толук мүмкүн.