Түркмөнстандын ар кыл аймактарынын жашоочулары эл арасында кыжаалат болгондор көбөйгөнүн айтууда. Анткени, жакында өкмөт Аксакалдар кеңешинин жыйынынан кийин, 2018-жылдан тартып айлык акыларды жогорулатуу тууралуу чечим кабыл алган.
Мунун артынан чет өлкө валютасынын курсу да жогорулаган, бул өз кезегинде бааларга жана элдин маанайына таасир этет.
Жакында бензиндин баасы жогорулай турганы жөнүндө таралган имиш сөздөр дагы түркмөнстандыктардын тынчын алууда.
Биздин өлкөдө гана аткаминерлер кубануу менен бюджеттик кызматкерлердин айлык акысы жогорулай турганын айтууда, ошол эле учурда айлык акынын жогорулашы айрым азык-түлүктөрдүн кымбатташы менен коштолоору тууралуу унчукпай коюп жатышат.
ЭКОНОМИКА жаздан бери коңшу өлкөлөрдө бензиндин кымбаттап жатканы тууралуу материалдар жарыяланып келет. Бирок азырынча КР күйүүчү май тартыштыгы байкала элек, бирок баалар өсүп жатат жана бул улана берет. Нефтетредейлер муну өндүрүштү реструктуризациялоо жана оптимизациялоо чаралары менен байланыштырып жатышат. Антпесе, май сатуучу бекеттердин кызматына дагы эмнени кошо алышмак?
Күйүүчү майдын учурдагы камы болжол менен 1 айга жетет. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов билдирди.
Буга улай: Премьер-министр Сапар Исаков эки өлкө ортосундагы көзөмөл-өткөрмө жайларындагы көйгөйдү чечүү үчүн Астанага сүйлөшүүгө учуп барды.