Түркмөнстандын мамлекеттик басылмаларынын билдиришинче, 13-июнда өлкөнүн Балкан жана Дашөгүз облустарында буудай түшүмүн жыйноо иштери башталды. Буга чейин оруп-жыйноо иштери Мары облусунда дагы жүргүзүлгөн.
Ал ортодо дыйкандар бийликтин буйругу менен быша элек түшүм жыйналып жатканын билдиришүүдө. Өлкөнүн түндүк аймактарындагы талаалардын көбүндө быша элек түшүмдөр жыйналып, алардын ордуна пахта эгиле баштады.
Быйыл Дашөгүз районунда 157 000 гектар жерге буудай эгилген. Планга ылайык, ижарачылар андан 300 000 тонна түшүм жыйнап бериши керек болгон. Бирок дыйкандар мындай планды аткаруу дээрлик мүмкүн эмес экенин белгилешүүдө. Анткени бул жылы аймакта суу жетишсиз болуп, жер семирткичтер убагында колдонулган эмес.