25-апрель эртең менен Ашхабаддагы көмүскө акча алмаштыруу жайларында 1 АКШ доллары 16,1 манаттан сатып алынып, кайра 16,4 манаттан сатылды.
Түркмөнстан Борбордук банкы тарабынан бекитилген расмий курс 1 АКШ доллары үчүн 3,5 манат бойдон өзгөрүүсүз калды. Ал ортодо өлкөдө азык-түлүк, анын ичинде ун менен ичүүчү суунун баасы кымбаттады.
Казакстандан алып келинген ун кайрадан кымбаттады. Бир нече күн мурда Ашхабад базарларында килограммы 5 манаттан турган казак уну бүгүн 5,5 манаттан сатылууда. Бирок алардын баасы марттын башындагыдай эле 4,5 манат деп турганы менен ал баада сатып алуу мүмкүн эмес.
Түркмөнстанда накталай валюта алмаштыруу мыйзамсыз болуп эсептелет. Өлкөнүн Борбордук банкы тиешелүү тыюуну 2016-жылы январда киргизген.