Жүрөк үшүн алган окуя 13-январь күнү кечке жуук болгон. Анда Анкара — Трабзон PC8622 каттамы менен келген Boeing 737–800 учагы аба майданга конуп жатып бурулууга аракет кылган. Бирок күтүлбөгөн жерден учак конуу тилкесинен чыгып кетип деңиз жээгиндеги жарга такалып токтогон.
Аэропорттун өкүлдөрүнүн айтмында, эгер Boeing дагы 10 метр сүрүлүп барганда деңизге түшүп, кырсыктын кесепети башкача болмок.
Мындан улам аэропортто 14-январь күнү таңкы саат 8.00гө чейин каттамдар жабылган. Андан соң штаттык режимде иштей баштаган.