Көптөгөн эксперттер биримдикке жаңы мүчөнүн кирүүсүн анализдөөнү башташты. Көпчүлүгү ИДПсы 50% болгон өлкө ЕАЭБге кирген “кичинекей” өлкөлөрдүн экономикасын “жутуп” коюшу ыктымал деп келишет. Ал эми Түркия текстиль тармагындагы алдыңкы технологиялык өлкө болгондуктан тигүүчүлүк, айыл-чарба тармагында Кыргызстанга бул эч кандай жакшылык алып келбээри айтылууда.
Түркиянын биримдикте мүчөлүгү тууралуу маселени карап жатып саясий аспекттерди эске албай коюу туура эмес. Бул жерде негизги фактор ар бир мүчө мамлекеттин жаңы мүчөнү кабыл алууга тыюу салуу укугунун бардыгы эсептелет. Белгилүү болгондой, Армения Туркия менен жакшы мамиледе эмес. Ошондуктан Түркия толук кандуу мүчө болуусу үчүн бир топ жол бошотууларга баруусу керек. Туркия буга барабы? Бул чоң суроо.
Бул эки фактор Туркиянын ЕАЭБге кирүүсүнө каршы келет. Башка жагынан алсак, Туркияны мүчөлүккө алуунун пайдасы дагы бар. Бул өлкөнүн евразиялык айдыңда болуусу Туркиянын ЕБда мүчө болуусун артка калтырат – бул болсо Орусиянын Түркияны мүчөлүккө кабыл алуусунда маанилүү ролду ойнойт. Бул постсоветтик аймактарда аймактык коопсуздукту жогорулатат.
Ал эми ар бир тараптын аргументтерин аныктоо үчүн өлкөлөр кеңешмелерди, сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү турган иш. Себеби Туркия мүчө боло турган болсо ар бир өлкө үчүн кандай пайда болорун жана кандай талаптары бар экенин билүү зарыл эмеспи.
Балким ЕАЭБ Түркия менен келишимдерге кол коюуда жеңил өнөр-жай, айыл-чарба тармагында компромисске бара алат чыгар.
Биздин өлкөнүн ЕАЭБдеги мүчөлүгү боюнча жыйынтыктарды карап көрөлү. Себеби бул Туркия менен келишимге кол коюуга баа берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташылып келинген товарларга болгон бажы төлөмдөрүнөн өлкөгө 13,1 млрд сом кошумча киреше түшкөн. Ал эми бажы чек араларынын ачылышы кыргыз компанияларына биримдиктеги башка өлкөлөргө товардын тез жетүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Буга байланыштуу өндүрүүчүлөр өнүмдөрүнүн экспортун жогорулата алышты. ЕАЭБде эл аралык ташуулар боюнча жеңилдетилген бажы декларациясынын иштөөсү дагы чоң роль ойнойт. (булак: http://russiancouncil.ru/analytics-and-comments/columns/eurasian-economy/kyrgyzstan-v-eaes-rezultaty-uchastiya-/ и Статистика ЕЭК).
Жакынкы арада тоо-кен, туризм, жүк ташуу, жүргүнчүлөрдү ташуу тармагында дагы бир топ ийгиликтер болору күтүлүүдө. Ал эми эмгек мигранттарынын көп каражат которо башташы Кыргызстандагы курулуштун кобөйүүсүнөн кабар берет. ЕЭКтин маалыматына ылайык, 2016-жылдагы курулуш иштери 2015-жылга салыштырмалуу 136 % болду.
Өзгөрүүлөр бизнес тармагындагы мыйзамдарга дагы тиешелүү: ЕАЭБге кошулардан мурда КНС товарды баасынан жана травнспорттук чыгымдардан улам эсептелчү, ал эми биримдиктин эрежелерине ылайык, салык товардын келишим баасына гана алынат. Физикалык жактар дагы ЕАЭБге мүчө мамлекетке өзү керектөөчү товарларды алып киргенде эки эсе салык төлөшпөйт.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Түркия ЕАЭБге кирсе биздин өлкөгө кандай пайда болору же мамлекетибиз кандай зыян тартаары тууралуу айтуу бир топ оор болууда.
Ал эми Түркиянын мүчөлүгүнөн болчу пайдаларга инвестициянын келүүсүн, Түркиядан Кыргызстанга айрым өндүрүштөрдү алып келүүнү киргизсек болот. ЕАЭБдин мыйзамдарына ылайык, ЕАЭБдин аймагында өндүрүлгөн товарларга алар мүчө мамлекеттерде өндүрүлсө салык салынбайт. Башкача айтканда турк бизнесмени жеңил өнөр-жай фабрикасын Кыргызстанга алып келсе Туркиядагыга караганда эмгек ресурстары арзан болот дагы эгер ал өнүмүн ЕАЭБдин ичинде сата турган болсо товарына болгон салык жана бажы төлөмдөрүн аз төлөп калат.
Мунун баары азыр кагаз жүзүндө болууда, бирок түрк бизнесмендери эридикалык жана экономикалык жактарын карашууда.
Үстүртөн жасалган бул жыйынтыктарды карап отуруп Түркиянын ЕАЭБге кирери тууралуу 2 манилүү фактты атасак болот:
Биринчи – Түркия ЕАЭБге кирбейт. Болгону көптөгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин белгилүү бир тармактар боюнча келишимдерге кол коюлат. Ошондуктан биздин өлкөгө бул кандай таасир тийгизээрин алдын ала айтуу кыйын.
Экинчи – Түркия ЕАЭБге кирсе Кыргызстан айрым позициялар боюнча утушка ээ болот дагы айрым жерледен зыян тартат.
Күтө туралы.
Азамат Асанов