• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Түндүк Кавказ – Борбордук Азия үчүн кластердик аймак

odes_baysultanov

👁 1,059

Өтүп бара жаткан жылдын декабрь айында Түндүк-Кавказ федералдык округунда Каспийдин портторунун биринде Судоходдук логистикалык борбор ачылды.

ЭКОНОМИКА мурунку СССРдин курамындагы өлкөлөр менен кызматташуу тууралуу билүү үчүн Орусиянын Түндүк Кавказ иши боюнча министринин биринчи орун басары Одес Байсултановго кайрылды.

Каспий кластеринин өнүгүүсү бир гана Жакынкы Чыгыш менен эмес башка өлкөлөр менен дагы кызматташууну өнүктүрүү каралуудабы? Каспий Борбордук Азия мамлекеттери менен дагы чектеш, Түндүк Кавказ биринчи кезекте кайсы мамлекет менен кызматташууну карап жатат жана эмне жеткирилмекчи?

Албетте, долбоор Каспийге чектеш бардык өлкөлөр менен соода-экономикалык тармакты өнүктүрүүгө өбөлгө болот, ошондой эле бул аймактардын өнөр-жай жана агро өнөр-жай мүмкүнчүлүгүн ишке ашыруу каралат.

Долбоордун натыйжасында Каспий деңизиндеги бардык порттор жыл бою эл аралык транспорттук коридорлорго жүктөрдү ташып турмакчы.

Белгилей кетчү нерсе Орусиянын президентинин жана өкмөтүнүн тапшырмасынын алкагында Орусиянын Мнкавказы Транспорт министрлиги менен бирге Каспий деңизинде Орусия портторун өнүктүрүү, аларга темир жол жана унаа жол аркылуу жетүү стратегиялык долбоорун иштеп чыгууда.

Орусиянын Минкавказыда ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлгөн. Алар «Каспийдин транспорттук-логистикалык комплекси» долбоорун түзүүгө байланышкан жана Каспий комплексин өнүктүрүүгө багытталган маселелерди карамакчы.

Долбоорду иштеп чыгуунун алкагында канча жүк келерин, жүктөрдү порт аркылуу ташуунун баасын жана учурда иштеп жаткан транспорттук каттамдар менен салыштыруу жүрмөкчү.

Ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттери менен товар айлануунун көлөмү жана европалык товар чыгаруучулар жана колдонуучулар менен кызматташуу тармагында анализ жүргүзүлөт.

Мындан сырткары стратегияны иштеп чыгуу алкагында ведомстволор аралык жумушчу топ “Түндүк-Түштүк” транспорттук коридор аркылуу европа мамлекеттерине жүк ташуу мүмкүнчүлүгү иштелип чыгат.

Транспорттук-логистикалык комплекстин өнүгүүсүнүн негизги багыты стратегия даяр болгон соң анын жыйынтыгы менен аныкталат. Аны иштеп чыгуу үчүн товар айлантуунун көлөмү жана башка өлкөлөр менен кызматташууга байланыштуу олуттуу иштер жүргүзүлүүдө.

ЭКОНОМИКА Кыргызстандагы товар айлануунун көлөмү Кавказ менен соода-экономикалык жактан өнөктөш болот деген үмүттө.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости