Ар тармакты караган 9 медик жергиликтүү бюджеттин көмөгүсүз салынган клиникада кабыл алууну башташты.
Бул чара эмгек мигранттары медициналык тейлөөгө муктаж болгондуктан ачылган.
Свердлов облусунун бийлиги алардын катаал аймагына иштөөгө келгендер үчүн кучагын жайганы кубандырат.
Учурда медборбор лицензия алуу менен ишин жаңы баштады.
Клиникада эмгек мигранттарына жумушка орношуу үчүн керек болгон медициналык справкалар бериле баштайт. Бул Уралда иштөөнү көздөгөн мекендештерибиз үчүн абдан жакшы кабар.