КР экономика министрлигинин метрология жана техникалык жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы Султан Ахматов ЕАЭБдин техникалык регламенти тууралуу айтып берди.
Кыргызстанда тамак-аш өндүрөбүз, кийим тигип сыртка чыгарабыз. 18 техникалык регламент бар. Ичинен сегизи так биз басым кылган тамак-аш менен өнөр жай продукциясы болуп атат. Башкалары пиротехника, жардыргыч зат, темир жол жагы спецификалык болуп, бизге бир аз тийиштиги жок. Ал эми биз басым кылып жаткан тамак-аш продукция жагын жөнгө салуу үчүн баардыгын иретке келтирүүдө сыноо лабораториялары керек. Алар көп акчага курулат. Бул жагынан алып караганда, Казакстан, Россия өлкөлөрү бизге жардам иретинде каражат жагынан 11 млн АКШ долларын бергени турат. Бизге бөлүнгөн акчага тендер өткөзүлөт, анан курулушчулар ЕАЭБдин техникалык регламентине, эрежелерине ылайык, талаптарына жооп бере турган лабораторияны курушат, ансыз болбойт.
– Мына күз мезгили келди. Ар бир дыйкан чарба өзү өндүргөн продукцияны кымбат баада мейли Казакстан болсун, мейли Россия болсун, өткөзүү жагын ойлойт. Бирок, дыйкандар азыр Казакстанга баргандан заарканып турушат го…
— Бүгүнкү күнгө чейин көп эле ишкерлер Россия, бул жагы Казакстанга ташып, өздөрү өндүргөн продукцияларды өткөзүп атышат. Кээде бизге “чек арадан өтпөй калды, кайтардык” деген маалымат келет. Бул эмнеликтен? Бул жөн гана продукциянын тиешелүү кагаздары жок дегендик. Техникалык регламенттин талабына жооп бербейт дегендик. “Эч бир кагазы жок эле барам. Өндүргөн продукцияңдын документтери туура эмес болсо, чек арадан кайтасың. Жөн эле кайтпай, банкрот болосуң. Азыр Россия товарды кайтармак тургай, ошол эле чек арадан жок кылуу жагын ойлоштуруп атыптыр. Мисалы, 2016-жылы 19 ишкана катталып, техникалык регламенттин баардык эрежелери, талаптары менен иштешип аткан болсо, 2017-жылдын жарым жылдыгында ишкананын саны 28 болду. Мындай көрсөткүч бизди кубантып жатат. Кантсе да “ЕАЭБдин техникалык регламенти” дегенди билип, жөндөп, иш алып барып барышууда.
– “Россия чек арадан өтпөй калган товарларды, продукцияны ошол жерде жок кылат” деп жогоруда кеп кылдыңыз, эмнеге?
– Алар айтып атышат, “биздин мамлекетке контрабандалык товарлардын агылып келиши өтө көп болуп жатат. Чара көрүү максатында ушундай ишке барууга бизди мажбурлап атат” дешти. Туура айтасыз, ошон үчүн биздин ишкерлерди мыйзамдын негизинде гана иштөөгө үндөйт элем.
Бизде ветеринардык лабораториядан экөө бар. Бирөө Бишкекте, бирөө Ош шаарында. Бизде 1220 номурлуу түз линия иштейт. Эгер ошол учурда жооп бере албасак, даректерин калтырат. Биздин адистер ал күнү болбосо кийинки күндөрү жооп беришет. Дыйкандар болобу же ишкерлерби, ынанымдуу жооп ала алышат.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА